Кардарлардын көңүлүнө! Орус рубли

Урматтуу кардарлар,
Валюта рыногундагы кундун (курстун) туруксуздугу жана мүмкүн болгон кескин өзгөрүүлөргө байланыштуу рубль эсептери жана карталар боюнча убактылуу чектөө киргизилген (толуктоолор, которуулар, конвертациялар).
Ошол эле учурда, рубль эсептери боюнча кардарлардын бардык акча каражаттары толук сакталып турат.
Кардарлар акча каражаттарын банктын филиалдарында ала алышат, кассаларда орус рублин алууга чектөө жок. Эгерде банктын кардарлары Кыргызстандын аймагынан тышкары болсо, финансылык операциялар боюнча электрондук билдирүүлөрдү орус карталарына рубль менен берүү мүмкүнчүлүгү ачылган.
Суроолор пайда болгон учурда банктын байланыш борборуна 3333 номуру боюнча кайрылууңуздарды суранабыз (Кыргызстандын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).
Жакынкы убакыттын ичинде кырдаалдын чечилишин күтөбүз, банктын кардарлары бул тууралуу кошумча маалымат берилет.
Урматтоо менен MBANK