ky
image
Жеке жактарга
Бизнеске
MIslamic
image
ky

MBANK жана БАУ Экономика боюнча эл аралык олимпиадада Кыргызстандын курама командасын биргеликте колдойт

23 Жетинин айы 2026

MBANK жана Борбордук Азия университети Экономика боюнча V Эл аралык олимпиаданын (International Economics Olympiad, IEO) алкагында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Банк Кыргызстандын улуттук командасынын башкы өнөктөшү жана демөөрчүсү болду. Олимпиаданын финалы 2027-жылдын август айында Грецияда өтөт.

Өнөктөштүк MBANKтын ESG күн тартибинин социалдык багытынын алкагында ишке ашырылат. Ал билим берүүнү колдоону, балдардын жана жаштардын каржылык сабаттуулугун жогорулатууну, ошондой эле балдар жана өспүрүмдөр үчүн иштелип чыккан MJunior санарип банк кызматын өнүктүрүүнү камтыйт.

MBANK олимпиаданын улуттук этабын өткөрүүгө, ошондой эле Кыргызстандын командасын даярдоого жана анын эл аралык финалга катышуусуна колдоо көрсөтөт. Өлкөнүн бардык аймактарындагы окуучулар өз билимдерин акысыз текшерип, эл аралык деңгээлде Кыргызстанды көрсөтүү укугу үчүн ат салыша алышат. Финалга өткөн катышуучулардын Грецияга болгон сапарынын чыгымдарын уюштуруучулар жана MBANK көтөрөт.

«Балдардын жана өспүрүмдөрдүн каржылык сабаттуулугун өнүктүрүү — каржылык жактан жоопкерчиликтүү коомду калыптандыруунун жана Кыргызстандын туруктуу келечегин камсыздоонун маанилүү шарты. Экономика боюнча эл аралык олимпиаданы жана Кыргызстандын улуттук командасын колдоо — бул багыттагы ишибиздин уландысы жана окуучулардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, алардын билимин жана дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымыбыз», — деп белгиледи «Мбанк» ААК башкармалыгынын төрагасы Максатбек Ишенбаев.

MJunior алкагында банк балдарга жана өспүрүмдөргө жеке каржысын башкаруунун негиздерин практика жүзүндө үйрөнүүгө жардам берген куралдарды өнүктүрүүдө. Алар чыгымдарын көзөмөлдөп, сатып алууларын пландап жана өз максаттарына акча топтой алышат.

«БАУ Кыргызстанда Экономика боюнча эл аралык олимпиаданы беш жылдан бери уюштуруп, окуучулардын экономикага болгон кызыгуусун арттырууга жана каржылык сабаттуулугун жогорулатууга салым кошуп келет. MBANK бул демилгеге кошулуп, Кыргызстандын таланттуу окуучуларын колдоп, алардын жөндөмдөрүн өнүктүрүүсүнө жана эл аралык аянтчада өлкөбүздүн атынан чыгышына мүмкүнчүлүк түзүп жатканына кубанычтамын», — деди БАУ ректору, профессор Кристофер Герри.

Кыргызстанда олимпиаданы БАУ MBANK, Economic Fundamentals Initiative (EFI), Улуттук банк жана Агартуу министрлигинин колдоосу менен өткөрөт.

Жаңы сезондо олимпиадага 9–11-класстардын окуучулары чакырылат. Олимпиада бир нече этап менен өтөт:

● 2026-жылдын 1-ноябрынан 2027-жылдын 15-январына чейин — мектептерди каттоо (каттоону мугалимдер жүргүзөт);

● 2027-жылдын 25–28-январында — онлайн тестирлөө;

● 2027-жылдын апрель айында — Бишкек шаарында офлайн тестирлөө;

● 2027-жылдын август айында — Грецияда эл аралык финал.

Улуттук этаптын беш жеңүүчүсү Грецияга барат. Мектептерди мугалимдер 2027-жылдын 15-январына чейин каттай алышат.

Эске салсак, 2026-жылы онлайн тестирлөөгө 450 мектептен 12 158 окуучу катышкан. Ал эми беш жеңүүчү Байыркы Олимпия шаарында өткөн финалда Кыргызстандын атынан чыгып, анда 63 өлкөдөн келген 147 окуучу күч сынашкан.

MBANK — биринчи санарип! Кыргызстандын өнүмү!

КРУБ №014 лицензиясы.