

Өлчөнгөн алтын куймалар
2016-жылдын 15-июнунда "MBANK" ААКсы баалуу металлдардан жасалган, Улуттук банкы тарабынан чыгарылган өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берүү жөнүндө чечим чыкты.
АЛТЫН КУЙМАЛАРДЫН ПАРАМЕТРЛЕРИ
Салмагы, грамм | Үлгү | Туурасы, мм | Узундугу, мм | Кошумча |
---|---|---|---|---|
1 | 999.9 | 8 | 13.8 | Каптама-сертификаттын ичинде |
2 | 999.9 | 11 | 18.9 | Каптама-сертификаттын ичинде |
5 | 999.9 | 14 | 24.1 | Каптама-сертификаттын ичинде |
10 | 999.9 | 15 | 25.8 | Каптама-сертификаттын ичинде |
31.1035 | 999.9 | 22 | 37.9 | Каптама-сертификаттын ичинде |
100 | 999.9 | 27 | 45 | Каптама-сертификатты жок, полиэтилен каптын ичинде. |
Алтын куймалар менен колдонуу эрежелери:
- Алтын куймалар катуу урунуудан сактоочу шарттарда сакталыш керек.
- Химиялык кошулмалары бар заттар менен (тиричилик химиясынын товарлары, косметикалык каражаттар ж.б.) өз ара аракеттешүүсун болтурбоо зарыл. Хлор, йод жана сымаптын кошулмалары өзгөчө коркунучтуу.
- 1 гр., 2 гр., 5 гр., 10 гр., жана 31,1035 граммдагы өлчөнгөн алтын куймалар атайын коргоочу каптама-сертификаттын ичинде сакталат, каптама куйманы механикалык урунуудан, кирдоодон жана кычкылдануудан сактайт. 100 граммдык алтын куймалардын каптама-сертификатты жок, алар полиэтилен каптын гана ичинде болот.
- Сапат белгиси (999,9) абдан жогору баалуу металлдар - абдан жумшак болушат, ошондуктан колдун, кездеменин же кагаз майлыктын тийиши металл бетинде чийиндерди пайда кылат. Каптаманын ачылышынан металлдын кирдеши же механикалык зыян болуу коркунучу жогорулайт.
- 100 граммдык куймалар менен иштеп жатканда пахта кагаздан жасалган кол каптарды колдонуу керек. Куйманы алганда, четинен кармоо керек.
- Каптама-сертификаттын бүтүндүгү - алтын куйманын аныктыгын тастыктайт жана кайра сатып алууда кепилдик берет. Каптама жабыркаса же жок болсо, куйма КРУБга тастыктоочу экспертизага жөнөтүлөт. Экпертизадан өткөзүү үчүн кайра алуу баасынан 7% акы алынат.
*Алтын куймаларынын баасын башкы беттеги «Валюта курстары» бөлүмүндөгү «Алтын» кошумча барагынан тапса болот.