ky
image
Жеке жактарга
Бизнеске
MIslamic
image
ky

Комплаенс-көзөмөл

Ачык-айкындуулук, ишкердик этика жана мыйзамдардын талаптарын сактоо — биздин өзгөрүлгүс артыкчылыктарыбыз.

Комплаенс-көзөмөл
Биздин принциптер

«Мбанк» ААК (мындан ары — Банк) корпоративдик башкаруунун, ачык-айкындуулуктун жана ишкердик этиканын жогорку стандарттарын карманат. Банк кардарлардын, өнөктөштөрдүн жана мамлекеттин алдындагы жоопкерчилигин түшүнөт. Ошондуктан мыйзамдардын талаптарын сактоо, операциялардын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууну каржылоого каршы аракеттенүү биздин өзгөрүлгүс артыкчылыктарыбыз болуп саналат.

Комплаенс-көзөмөл системасынын милдеттери

Банктын комплаенс-көзөмөл системасы төмөнкүлөргө багытталган:

Тобокелдиктерди башкаруу
Тобокелдиктерди башкаруу

Комплаенс-тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу.

Талаптарды сактоо
Талаптарды сактоо

Мыйзамдардын жана ички ченемдик документтердин талаптарын сактоо.

Мыйзам бузуулардын алдын алуу
Мыйзам бузуулардын алдын алуу

Банктын мыйзамсыз ишмердүүлүккө тартылышына жол бербөө.

Кызыкчылыктарды коргоо
Кызыкчылыктарды коргоо

Банктын, анын кардарларынын жана өнөктөштөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо.

Өз ишмердүүлүгүндө Банк төмөнкүлөрдү жетекчиликке алат:
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;

  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (КРУБ) ченемдик укуктук актыларын;

  • Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (ФЧМК) талаптарын;

  • Акчаны адалдоого каршы күрөшүү боюнча каржылык чараларды иштеп чыгуу тобунун (ФАТФ/FATF) эл аралык стандарттарын жана сунуштамаларын.

Банктын комплаенс-көзөмөлүнүн негизги багыттары:

Кылмыштуу кирешелерди адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууну каржылоого каршы аракеттенүү (ПОД/ФТ/ФРОМУ)
Кылмыштуу кирешелерди адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууну каржылоого каршы аракеттенүү (ПОД/ФТ/ФРОМУ)

Банк Кыргыз Республикасынын «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык кылмыштуу кирешелерди адалдоого, терроризмди жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууну каржылоого каршы аракеттенүү максатында ички көзөмөлдөөнү жүргүзөт.

Өз ишмердүүлүгүндө Банк тиешелүү тобокелдиктерди аныктоону, баалоону жана башкарууну, ошондой эле шектүү операцияларды аныктоону жана алдын алууну камтыган тобокелдиктерге багытталган ыкманы колдонот. Мында Банк ички көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугу менен ак ниет кардарларды тейлөөнүн ыңгайлуулугунун ортосундагы тең салмактуулукту сактоо менен мыйзамдардын талаптарынын талаптагыдай аткарылышын камсыз кылууга умтулат.

«Кардарыңды бил» саясаты (Know Your Customer, KYC)
«Кардарыңды бил» саясаты (Know Your Customer, KYC)

Банк «Кардарыңды бил» (Know Your Customer, KYC) принцибинин алкагында кардарларды идентификациялоо жана талаптагыдай иликтөө (Customer Due Diligence, CDD) жол-жоболоруна өзгөчө көңүл бурат.

Бул жол-жоболор кардарлардын жана алардын бенефициардык ээлеринин ким экендигин аныктоого, ишкердик мамилелердин максаттарын жана мүнөзүн түшүнүүгө, ошондой эле аларды тейлөөгө байланышкан тобокелдиктерди баалоого багытталган.

Банк кардарлар тууралуу маалыматтардын актуалдуулугун камсыз кылат жана шектүү аракеттерди аныктоо, ошондой эле өз кызматтарынын мыйзамсыз максаттарда колдонулушуна жол бербөө үчүн операцияларга мониторинг жүргүзөт.

Санкциялык комплаенс
Санкциялык комплаенс

Каржы рыногунун глобалдашуусунун шарттарында «Мбанк» ААК улуттук жана эл аралык санкциялык талаптар менен чектөөлөрдүн сакталышына өзгөчө көңүл бурат. Банк кардарларды, контрагенттерди жана операцияларды Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин, АКШнын (OFAC), Европа биримдигинин, Улуу Британиянын жана башка юрисдикциялардын санкциялык режимдерине шайкештиги боюнча текшерет. Бул талаптар Банктын ишмердүүлүгүндө жана эл аралык ишкердик мамилелеринде эске алынат.

Бул чаралар санкциялык чектөөлөрдүн бузулушуна жол бербөөгө, аларды айланып өтүү белгилерин аныктоого, ошондой эле укуктук, жөнгө салуучу жана абройдук тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган.


Эл аралык которууларды жүргүзүүдө Банк кардарлардан операциянын экономикалык маңызын жана максаттарын, анын мыйзамдуулугун ырастоо, ошондой эле операциянын колдонулуучу санкциялык талаптарга шайкештигин текшерүү жана санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү белгилерин аныктоо үчүн зарыл болгон кошумча документтерди жана маалыматтарды талап кылууга укуктуу.


Операциянын мүнөзүнө жараша Банк төмөнкүлөрдү сурашы мүмкүн:

  • тышкы соода келишимдерин жана аларга кошумча макулдашууларды;

  • инвойсторду, төлөм эсептерин жана спецификацияларды;

  • бажы декларацияларын жана транспорттук документтерди;

  • товарлардын келип чыгышын, багытын жана акыркы алуучусун ырастаган документтерди;

  • операциянын тараптары, алардын бенефициардык ээлери жана операциянын башка катышуучулары жөнүндө маалыматтарды;

  • операциянын жол берилерин ырастоо үчүн зарыл болгон лицензияларды, уруксаттарды жана башка документтерди;

  • операцияга тиешелүү жана текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка документтерди жана маалыматтарды.


Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Банктын ички документтеринде каралган чараларды көрүүгө, анын ичинде тиешелүү негиздер болгон учурда операцияны жүргүзүүдөн баш тартууга жана/же кардар менен ишкердик мамилелерди токтотууга укуктуу.

Коррупцияга каршы аракеттенүү жана кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу

Банк коррупциянын жана паракорчулуктун бардык түрлөрүнө карата нөлдүк сабырдуулук принцибин карманат. Банкта кызматкерлердин жана жетекчиликтин ортосундагы кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алууга, аныктоого жана жөнгө салууга багытталган чаралар ишке ашырылат. Бул чаралар кардарларды ак ниет жана калыс тейлөөнү камсыз кылууга багытталган.


Эгерде сизге Банктын кызматкерлеринин коррупцияга, алдамчылыкка, этикага жатпаган жүрүм-турумуна же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуусуна байланыштуу мүмкүн болгон фактылар белгилүү болсо, бул тууралуу Банктын Комплаенс-көзөмөл кызматына кабарлай аласыз. Банк келип түшкөн кайрылуулардын купуялуулугун камсыз кылат жана аларды белгиленген тартипте калыс карайт.

Кардарлардын ишеними — биздин башкы капиталыбыз.

Биз сиздердин каржылык кызыкчылыктарыңыздын ишенимдүү корголушун камсыз кылууга жана ички көзөмөл системасын тынымсыз өркүндөтүүгө умтулабыз.

Чет өлкөлүк каржылык институттар жана корреспондент-банктар үчүн маалымат

Эл аралык өнөктөштөрдүн комплаенс-тобокелдиктерди текшерүү жана баалоо жол-жоболоруна көмөктөшүү максатында Банк Due Diligence жол-жоболорун жүргүзүү үчүн зарыл болгон актуалдуу маалыматтарды жана документтерди берет.

Банк Вольфсберг тобунун стандарттарына (Wolfsberg Group CBDDQ) ылайык комплаенс-анкетасын үзгүлтүксүз жаңыртып турат, ошондой эле өнөктөштөрдүн суроо-талабы боюнча тиешелүү салык формаларын жана башка документтерди берет.

Вольфсберг тобунун анкетасы (CBDDQ)

IRS W-8BEN-E формасы

Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча кат (ПОД/ФТ/ФРОМУ)

Санкциялык контролдоо чаралары жөнүндө кат