image
ky
search icon

Жетекчилик

Директорлор кеңеши

Тумонбаев Бактыбек Асаналиевич

Директорлор кеңешинин Төрагасынын орун басары

Кыргызбаева Асель Жекшенбековна

Директорлор Кеңешинин мүчөсү

Мырзабаев Жаныбек Сагадылдаевич

Директорлор кеңешинин мүчөсү

Оморкулов Азизбек Пазылбаевич

Директорлор кеңешинин мүчөсү

Абдрашев Нургазы Акунжанович

Директорлор кеңешинин мүчөсү

Сеиткожиева Мира Успековна

Корпоративный секретарь

Шариат кеңеши

Асылбеков Эмильбек Маманович

Шарият кеңешинин төрагасы

Эшонкулов Тожидин Мусурманкулович

Шарият кеңешинин мүчөсү

Алимбеков Олжобай Болушович

Шарият кеңешинин мүчөсү

Банк башкармасы

Ишенбаев Максатбек Бейшенбекович

Башкармалыктын төрагасы

ААК "MBANK" башкармалыгынын төрагасы

Ишенбаев Максатбек Бейшенбекович - банк  тармагында, камсыздандыруу жана лизинг жаатында 30 жылдан ашык тажрыйбасы бар тажрыйбалуу каржы адиси жана башкаруучу. Өзүнүн тажрыйбасында ал Кыргызстандын алдыңкы каржы институттарын, анын ичинде коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын, ошондой эле камсыздандыруу жана лизинг компанияларын жетектеген. Анын компетенциялары стратегиялык башкарууну, каржылык талдоону жана бизнес процесстерин оптималдаштырууну камтыйт, бул ал иштеген уюмдардын ийгиликИшенбаев Максатбек Бейшенбековичтүү өнүгүшүнө дайыма салым кошуп келет.

Билими

  • 1993-ж. - Кыргыз улуттук университети, экономика факультети, "Каржы жана кредит"адистиги.
  • 1996-ж. – Саясат таануу багыты боюнча Магистратура, The Graduate School of Policy Science, университети, Сайтама шаары (Жапония).
  • 1995-ж. (апрель-июнь) - Шанхай каржы университети (Кытай), базар экономикасына киришүү курсу.
  • 1997-ж. (март — апрель) - Бириккен Вена институту (Австрия), макроэкономика боюнча семинар.
  • 1997-ж. (ноябрь) – Улуу Британиянын Борбордук Банкынын окутуу борбору (Лондон), Капитал рыногу боюнча семинар.
  • 2002-ж. — КР Президентине караштуу Башкаруу академиясы, “бизнести башкаруу” адистиги.

Кесиптик тажрыйбасы

  • 1993-жылдын июнь айынан 1994-жылдын ноябрына чейин – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, кредиттик ресурстар бөлүмүнүн экономисти.
  • 1994-жылдын ноябрынан 1995-жылдын октябрына чейин – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Экономика башкармалыгы, Ачык рыноктогу операциялар департаментинин дилердик тобунун биринчи категориядагы экономисти.
  • 1995-жылдын октябрынан 1996-жылдын октябрына чейин – КР УБ, Экономика башкармалыгы, Ачык рынокто операцияларды уюштуруу башкармалыгынын дилердик тобунун улук экономисти.
  • 1996-жылдын октябрынан 1998-жылдын июлуна чейин КР УБ, Экономика башкармалыгы, Ачык рыноктогу операциялар башкармалыгынын жетектөөчү экономисти.
  • 1998-жылдын июль айынан 1998-жылдын ноябрь айына чейин –КР УБ, Акчалай-кредиттик операциялар департаменти, дилингдик операциялар башкармалыгынын башкармасы.
  • 1998-жылдын ноябрь айынан 2000-жылдын январына чейин – ААК «Энергобанк» башкармалыгынын төрагасынын орун басары.
  • 2000-жылдын январь-майы – ААК «Энергобанк» Башкармалыгынын Төрагасынын милдетин аткаруучу.
  • 2000-жылдын майынан 2004-жылдын июль айына чейин – «Энергобанк» ААКтын Башкармалыгынын Төрагасы.
  • 2004-жылдын июлунан 2007-жылдын 6-мартына чейин – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары.
  • 2007-жылдын май айынан 2010-жылдын декабрь айына чейин – «Банк Центр Кредит» ААК өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.
  • 2010-жылдын 20-декабрында – ААК «Залкар Банк» Башкармалыгынын Төрагасы.
  • 2017-2023-жылдары – ААК «Бай Түшүм» башкы директору
  • 2023-2025-жылдары – MBANKтын Директорлор кеңешинин төрагасы.
  • 2025 – МBANK Башкармалыгынын  төрагасы.

Максатбек Ишенбаев каржылык менеджмент, монетардык саясаты жана банк ишин жөнгө салуу жаатында терең билимге ээ. Анын стратегиялык көз карашы, лидерлик жөндөмү жана өзгөрүп жаткан экономикалык шарттарга ыңгайлашуу жөндөмү ага татаал процесстерди ийгиликтүү башкарууга жана каржы институттарын өнүктүрүүгө өбөлгө берет.

Суранаев Кайратбек Джумгалбекович

Башкарманын Төраганын биринчи орун басары
Кабыл алуу иш убакыты

Дүйшөмбү саат 10:00:00 дөн 11:00:00 чейин

2005-жылы А.Токтоналиев атындагы БФЭТтин финансы адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган.

2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын экономист адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган.

2017-жылы Эл аралык башкаруу академиясын бүтүргөн, «Юриспруденция» адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолун 2007-жылы «Халык Банк Кыргызстан» ААКсында микро жана кичи насыялоо секторунун эксперти болуп баштаган.

2009-2010-жж «Азия Универсал Банк» ААКсынын Кредиттик департаментинин чекене кредиттөө бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштеген.

2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «MBANK» ААКда иштейт. Кредиттик бөлүмдүн жетектөөчү адисинен кредиттик бөлүмдүн директоруна чейин бир топ жолду басып өттү. Ал ондогон долбоорлорду ишке ашырган, каржылоо жана насыялоо боюнча көптөгөн аймактык жана эл аралык семинарларга катышкан банктын эң жаш директорлорунун бири.

B2B Globe, USAID, Бишкек бизнес мектебинин сертификаттарынын ээси.

Фоменко Сергей Александрович

Башкаруучу директор - Башкарманын мүчөсү

2000-жылы Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетиндеги экономика факультетин бүтүргөн.

Банк тармагында 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар. Эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында баштаган. 2000-жылдан 2006-жылга чейин Эсептешүү-сактык компаниясында иштеп, стажировкадан Казыначылык бөлүмүнүн башчысына чейин көтөрүлгөн. Андан соң карьерасын Кыргыз-Инвестициялык-Кредиттик Банкында, Айыл Банкында, АзияУниверсалБанкта, Росинбанкта, FINCA банкында улантып - Казыналык бөлүмдө башкы адис жана начальник болуп иштеген.

2021-жылдын 1-июнунан баштап «MBANK» ААКна ишке алынган. Ал эми 2022-жылдын 13-майынан баштап Башкаруучу директор - Башкарманын мүчөсү кызматына дайындалган.

Райынбекова Миргуль Бейшеналиевна

Башкарманын мүчөсү - Башкы бухгалтер

ААК«MBANK» Башкармасынын мүчөсү, башкы бухгалтери – бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн башчысы.

Райынбекова Миргуль Бейшеналиевна бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук,  каржылык менеджмент жаатында жогорку жөндөмгө ээ.

Билими жана кесиптик жолу:

2005 - жыл. Бишкек каржы-экономикалык техникумун бухгалтердик эсеп адистигин  бүтүргөн.

2009 - жыл. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын экономист адистиги боюнча окуусун ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолу:

Ал эмгек жолун 2006-жылы баштаган. «MBANK» ААК келгенге чейин «Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясында», «Айыл Банк» ААКсында, «Ала-Тоо» микрокредиттик агенттигинде иштеген.

2009-жылдан бери «MBANK» ААКда 14 жыл ийгиликтүү иш алып барып, өзүнүн кесиптик чеберчилигинин аркасында 2014-жылы катардагы адистен - филиалдын башкы бухгалтерине чейин жеткен. Ал эми 2015-жылы, ал бөлүм башчысы - бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин орун басары кызматын ээлеген.

Кесиптик өнүгүүсү

Банк тармагында иштеп баштагандан тартып 25 ички тренингдерге жана семинарларга катышкан.

Негизги максаты – Кыргызстандын банк секторунун мындан аркы өнүгүүсүнө салым кошуу менен банк процесстерин өркүндөтүүнү жана өнүктүрүүнү улантуу.