Күрөөнү бир жолу тариздеп, 10 жылга чейин каражат алыңыз: MBANK’тагы каржылоо лимити кантип иштейт?

Бизнести кеңейтүү, ири сатып алуу же оңдоо иштерин жүргүзүү — акчага болгон муктаждык бир эле жолу жаралбайт. Кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюп, кадимки кредит алганда, ар бир жаңы карыз үчүн документтерди кайра тариздөө талап кылынат. MBANK’та мындан башка мүмкүнчүлүк бар: кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу менен каржылоо лимитин алуу. Анын кандай иштээрин жана кимдерге ылайыктуу экенин жөнөкөй тил менен түшүндүрөбүз.
Бул кантип иштейт?
Сиз кыймылсыз мүлкүңүздү бир жолу күрөөгө коёсуз. Банк мүлктү баалагандан кийин 10 жылга чейинки мөөнөткө акчалай лимит белгилейт. Бул лимиттин алкагында каражаттарды транштар менен, зарылчылыкка жараша ала аласыз.
Лимиттин өлчөмү кыймылсыз мүлктү баалоонун жана банктын чечиминин негизинде аныкталат.
Лимиттин кадимки кредитке салыштырмалуу кандай артыкчылыктары бар?
- Күрөө бир жолу таризделет. Ар бир траншты алууда аны кайра каттоонун кереги жок.
- Каражат керектүү учурда берилет. Бекитилген лимиттин чегинде транштарды зарылчылыкка жараша ала аласыз.
- Колдонгон каражатыңыз үчүн гана төлөйсүз. Кредиттик өнүмдөр боюнча пайыздар пайдаланылган каражатка гана эсептелет.
Кимдерге ылайыктуу?
Каржылоо лимити жеке муктаждыктары жана бизнес максаттары үчүн каражат талап кылынышы мүмкүн болгон жеке жактарга, ишкерлерге жана юридикалык жактарга ылайыктуу.
Лимит 10 жылга чейинки мөөнөткө белгиленет. Жылдык чен 16%дан башталат, ал эми кошумча нарк чынжырларын агрокаржылоопрограммасынын катышуучулары үчүн 10%дан башталат. Лимиттин өлчөмү кыймылсыз мүлктү баалоонун жыйынтыгы жана банктын чечиминин негизинде аныкталат.
Лимитти кантип тариздөө керек?
- Кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтер менен MBANK’тын бөлүмүнө кайрылыңыз.
- Банк кыймылсыз мүлктү баалап, лимиттин өлчөмү боюнча чечим кабыл алат.
- Күрөө КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикте (Мамкаттоодо) катталат.
- Күрөө таризделгенден кийин бекитилген лимиттин чегинде MBANK’тын бөлүмүнөн транштарды алыңыз.
Күрөөнү бир жолу тариздеп, ар бир траншты алууда кайра каттоодон өтпөстөн, 10 жыл ичинде ар кандай максаттар үчүн каржылоо алыңыз.
MBANK — биринчи санарип. Кыргызстандын өнүмү!
КР УБ №014 лицензиясы.