Бүткүл өлкө үчүн банк
«Мбанк»1988-жылдын 1-январынан тартып СССРдин Жилсоцбанкынын Кирконтору катары өзүнүн тарыхын баштаган, анын негизинде Банк 1990-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде "АКБ Кыргызстан" катары каттоодон өткөн.
2005-жылы Банк «АКБ Кыргызстан» ААК болуп өзгөртүлгөн, 2006-жылдын 20-ноябрынан баштап Банк «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААКсы деп аталып, 2025-жылдан тартып Улуттук банктын №014 банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиясынын негизинде иш алып барган «Мбанк» ААК деп аталат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык аймактарында иштейт:
9 000+
"Visa" жана "Элкарт" төлөм карталарын тейлөөчү терминалдар

80+бөлүмдөр
400+банкоматтар
Кыргызстандагы эң популярдуу мобилдик банкинг
Мекенден алыс болгон учурда колдонуучулар дайыма абдан ыңгайлуу жана пайдалуу MBANK функцияларына колдоно алышат. Сиз бир-эки баскыч менен телефон номери аркылуу жакындарыңызга акча которо аласыз, банктардагы жана МККлардагы кредиттер үчүн төлөй аласыз, коммуналдык жана башка 1000ден ашык кызматтарды колдоно аласыз.




