ky
image
Жеке жактарга
Бизнеске
MIslamic
image
ky

Кыргызстанда карталардын саны 10 миллионго жакындады: карта кантип санариптик аксессуарга айланууда

24 Жетинин айы 2026

Кыргызстанда банк карталарынын саны 10 миллионго жакындады. Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2025-жылы жүгүртүүдө 9,9 млн карта болгон. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 7,9%га көп.

Бүгүнкү күндө карта санарип аксессуарга да айланууда. MBANKта картанын стандарттуу сырткы көрүнүшү менен гана чектелбестен, өзүңүздүн стилиңизге жана маанайыңызга жараша санарип дизайнды тандай аласыз.

Эми тандоо мүмкүнчүлүгү дагы кеңейди: MBANK 35 жаңы дизайн кошту, ал эми дизайндардын топтому ай сайын жаңыланып турат. Ар кимдин табитине ылайык ар кандай стилдеги жана категориядагы жасалгалар жеткиликтүү: минимализмден тартып ачык түстүү жана өзгөчө чечимдерге чейин. Дизайнды каалаган убакта өзгөртө аласыз: маанайыңызга, өзгөчө учурга жараша же жөн гана картанын көнүмүш көрүнүшүн жаңырткыңыз келгенде.

Картанын дизайнын өзгөртүү үчүн банктын бөлүмүнө баруунун кереги жок: жаңы жасалганы түз эле колдонмодон тандай аласыз.

Картанын дизайнын кантип өзгөртүү керек:

  1. MBANK колдонмосун ачыңыз.

  2. «Менин банкым» бөлүмүнө өтүңүз.

  3. Дизайнын өзгөрткүңүз келген картаны тандаңыз.

  4. «Картанын дизайнын өзгөртүү» баскычын басыңыз.

  5. Өзүңүзгө жаккан вариантты тандап, ырастаңыз.

Картанын дизайнын MBANK колдонмосунан өзгөртүңүз — ал сизге жаккандай көрүнсүн!

MBANK – Биринчи санарип! Кыргызстандын өнүмү!

КРУБ №014 лицензиясы.