Башкы бет

Аккредитив

Аккредитив
banner

Аккредитив

Аккредитив - кардардын тапшырмасы боюнча бенефициарга (товардын сатуучусуна) документтердин топтому менен каралган товарды көрсөтүлгөн мөөнөткө жүктөп жөнөтүү боюнча аккредитивде көрсөтүлгөн сумманы төлөп берүү тууралуу банк өзүнө алган шарттуу акчалай милдеттенме.

Импорттук аккредитив

Импорттук аккредитив (банктын кардары товарды/кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуучу болуп эсептелет) – аккредитивдин шарттарына шайкеш келген, аккредитивде аныкталган товар сатып алуучуга жөнөтүлгөнүн тастыктаган документтерди алган учурда аныкталган акчалай сумманы сатуучуга төлөп берүү тууралуу кардардын өтүнүчү менен берилген банк кепилчилиги.

Экспорттук аккредитив

Экспорттук аккредитив (банктын кардары товарлардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн сатуучусу болуп эсептелет) – аккредитивдин шарттарына шайкеш келген, аккредитивде аныкталган товар сатуучуга жөнөтүлгөнүн тастыктаган документтерди алган учурда аныкталган акчалай сумманы сатып алуучуга төлөп берүү тууралуу кардардын өтүнүчү менен берилген банк кепилчилиги.

Эсептешүүнүн аккредитивдик ыкмасын колдонуунун кардарлар үчүн негизги артыкчылыктары төмөнкүлөр:

  • Товар чындап жүктөлгөн учурда гана (жумуш/кызмат көрсөтүү аткарылганда) акы төлөнөт дегенге кепилдик
  • Товар тиешелүү сапатта жана комплектте, келишимде каралган мөөнөттө жеткирилерине кепилдик
  • Товарды дагы да пайдалуу баада сатып алуу мүмкүнчүлүгү
  • Банк аккредитив боюнча документтерди кылдат, профессионалдык негизде текшерет
  • Келишим боюнча алдын ала төлөмдүн көлөмү бир кыйла аз болот.

Аккредитивдик төлөөнүн этаптары:

1

Келишим түзүлөт, анда тараптар эсептешүүнүн аккредитивдик формасын тандай турганы көрсөтүлөт;

2

Сатып алуучу банкка аккредитив ачууга арыз жазат, анда анын шарттары так көрсөтүлөт;

3

Банк Сатып алуучуга (банк-эмитент, банк аткаруучу) аккредитив ачып, аны бенефициарды тейлеген банк аркылуу экспортерго (бенефициарга) жиберет, банк бенефициарга аккредитив ачылганы тууралуу кабар берет (авизолойт);

4

Банк Сатуучунун (банк авизологон) аккредитивинин нускалыгын текшерет, Сатуучуга аккредитив ачылганы тууралуу кабар берет (авизолоо);

5

Сатуучу (бенефициар) аккредитивди келишимдин шарттарына шайкеш келип-келбегенин текшерет жана макул болгон учурда белгиленген мөөнөттө Сатуучуга товарды жүктөп жөнөтөт;

6

Бенефициар жеткирүүчүдөн транспорттук (жана башка аккредитивдин шарттары боюнча талап кылынган) документтерди алат;

7

Бенефициар жеткирүүчүдөн тиешелүү документтерди алгандан кийин өз банкына акы алуу үчүн кайрылат;

8

Банк-экспортер бенефициардан алган документтерди текшерет жана аларды банк-эмитентке акы төлөө, акцепт (төлөөгө макулдук же кепилденген төлөө), же негоциация (сатып алуу) үчүн жиберет;

9

Банк-эмитент алынган документтерди текшерет жана (аккредитивдин бардык шарттары аткарылган учурда) экспортерго төлөм суммасын которот. Сатып алуучу банк-эмитенттен транспорттук документтерди алат жана товарга ээлик кыла баштайт;

* Урматтуу кардарлар, эгер Сиз насыя берилип жатканда же арыз даярдап жатканда Банктын кызматкерлери тарабынан негизсиз талаптарына же иш-аракеттерине жолуксаңыз, ошол замат Банктын Контакт-борборуна 0 (312) 61-33-33 телефону же  +996 556 61-33-339 WhatsApp аркылуу кабар берсеңиз болот.

Кайрылуулар Банктын жетекчилиги тарабынан текшерилип каралып чыгат.