Башкы бет

Банк кепилдиги

Банк кепилдиги
banner

Банктык кепилдик - кепилдиктин шарттарына ылайык төлөө талабын койгондон кийин кепилдик боюнча алуучуга белгилүү бир сумманы төлөө боюнча Банктын кайтарылгыс жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.

 

Биздин банктык кепилдиктердин мүнөздөмөлөрү

Төмөнкү мүнөздөмөлөргө көңүл буруңуз:

https://mbank.kg/media/bank_guarantee/image_1.png
https://mbank.kg/media/bank_guarantee/image_2.png
Банк кепилдиктердин негизги түрлөрү:
  • Сунуш кепилдиги (тендер кепилдиги),
  • Аванс төлөмдүн кайтаруу кепилдиги,
  • Келишим боюнча аткаруу кепилдиги,
  • Төлөө кепилдиги,
  • Контр-кепилдиги.
Банк кепилдигин алуу үчүн зарыл болгон документтер:
  • Банктык кепилдикке арыз;
  • Банктык кепилдик долбоору боюнча маалымат (тендер жөнүндө маалымат, келишим ж.б.);
  • Уюштуруу документтери;
  • Бухгалтердик баланс боюнча дебитордук жана кредитордук карызды чечмелөөсү менен жылдык финансылык отчету (бир айлык/кварталдык/жарым жылдык);
  • Мамлекеттик салык инспекциясынан, Социалдык фонддон карызы жок экендиги жөнүндө маалымкат;
  • Ыйгарым укуктуу жактардын банктык кепилдикти алуу жана күрөөгө мүлктү берүү жөнүндө келишим түзүү жөнүндө чечими;
  • Күрөө документтери (күрөө берүүчүнүн жана алардын жубайларынын паспортторунун көчүрмөлөрү, укукту белгилөөчү документтер, кыймылсыз мүлккө чектөөлөрдүн жоктугу жөнүндө маалымкат;
https://mbank.kg/media/bank_guarantee/skhemka_garantiii_montazhnaia_oblast'_1.png

* Урматтуу кардарлар, эгер Сиз насыя берилип жатканда же арыз даярдап жатканда Банктын кызматкерлери тарабынан негизсиз талаптарына же иш-аракеттерине жолуксаңыз, ошол замат  Банктын Контакт-борборуна  0 312 61-33-33 телефону же  +996 556 61-33-33 WhatsApp аркылуу кабар берсеңиз болот.

Кайрылуулар Банктын жетекчилиги тарабынан текшерилип каралып чыгат.