Техникалык иштер

17 Чын куран 2026

Биз MBANK дагы ылдамыраак жана ишенимдүүрөөк болушу үчүн иштеп жатабыз.

20-апрелде саат 04:30дан 05:00гө чейин MBANK, MBusiness колдонмолору жана MKassa аркылуу QR төлөмдөр кыска убакытка токтотулат. Биз көпчүлүк кардарларыбыз эс алып жаткан маалда жаңыртуу мүмкүн болушунча байкалбай өтүүсү үчүн убакытты атайын эртең менен эрте тандадык.

Бул кыска аралыкта (болжол менен 15 мүнөт):
— колдонмого кирүү
— QR-код аркылуу төлөмдөр
убактылуу жеткиликсиз болот.

Эң негизгиси! Сиздин карталарыңыз иштей берет:

Дүкөндөрдө желим карталар менен төлөмдөр жана банкоматтардан накталай акча алуу кадимки режимде жеткиликтүү болот.

Бардыгы «заматта» иштеши үчүн ички жакшыртууларды жүргүзүп жатабыз. Маанилүү которууларды алдын ала жүргүзүүнү суранабыз.

Биз менен бирге болгонуңуз үчүн рахмат. Сиздер эң мыктысыздар!