mbank logo

ААК «МБАНК»

Жеке жактарЮридикалык жактарИслам финансылары

Кыргызча

Русский
English

Өнүгүүнүн жаңы этабы: «Коммерциялык банк Кыргызстан» ААКсы «Mbank» болуп өзгөртүлдү

13 Бирдин айы 2025

ААК «Кыргызстан Коммерциялык Банкы» расмий түрдө ААК «Мbank» болуп атын өзгөрттү. Бул маанилүү окуя банктын бирдиктүү брендге жана заманбап рыноктун стандарттарына ылайык келүүгө умтулуусу менен байланыштуу.

Банктын фирмалык (толук расмий) аталышы:

  • кыргызча: "Мбанк" Ачык акционердик коому;
  • орус тилинде: Открытое акционерное общество "Мбанк";
  • англис тилинде: «Мbank» Open joint-stock company.

Аталышты өзгөртүү - брендди унификациялоого жана таанымалдуулукту жогорулатууга кадам болуп саналат. Жаңы бренд банктын баалуулуктарын мурдагыдан да жакшы чагылдырат: ачыктык, инновациялуулук жана кардарлардын ыңгайына көңүл буруу.

Банктын аталышынын өзгөрүшү анын ишмердүүлүгүнө жана милдеттенмелерине эч кандай таасирин тийгизбейт. Бардык реквизиттер, анын ичинде ИНН, юридикалык дарек жана банктык эсептер ошол бойдон калат. Түзүлгөн келишимдер күчүндө калат жана документтерди же ишеним каттарды кайра тариздөөнүн зарылчылыгы жок.

Аталышты алмаштыруу - жөн гана атын өзгөртүү эмес, кардарлар менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана жакшыртуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Жаңы бренд алдыга умтулууну жана санариптик трансформацияны билдирет.

Mbank – Биринчи санарип!

КРУБ №014 Лицензиясы