Mastercard жана MBANK Борбордук Азияда алгачкы жолу Lionel Messi картасын ишке киргизет

16 Жалган куран 2026

MBANK’тын бул картага ээ болгон кардарлары, 2026-жылдагы УЕФА Чемпиондор лигасынын финалына (Будапешт) баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Mastercard жана MBANK футбол күйөрмандары жана эксклюзивдүү банктык чечимдерди баалагандар үчүн уникалдуу өнүмдүн ишке киргизилгенин жарыялайт. Борбордук Азияда алгачкы жолу дүйнөлүк футбол жылдызы жана Mastercard’тын элчиси Lionel Messi’нин сүрөтү түшүрүлгөн Messi Mastercard Gold картасы чыгарылды. Бул карта каржы менен дүйнөлүк деңгээлдеги спорттун айкалышын символдоштуруп, кардарларга глобалдык футбол окуясынын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Жаңы Messi Mastercard Gold картасы уникалдуу дизайнга ээ жана анда Lionel Messiнин сүрөтү түшүрүлгөн. Ошондой эле картада дүйнөдө кайталанбаган уникалдуу номур болот. Бул жөн гана төлөм каражаты эмес, спортту сүйгөн, жогорку деңгээлдеги футбол дүйнөсүнө жакын болууну каалаган жана өз индивидуалдуулугун көрсөтүүнү каалагандар үчүн коллекциялык продукт.

Картанын  Mastercard жана MBANK биргеликте масштабдуу акцияны баштайт: 2026-жылдын 16-мартынан 10-апрелине чейин MBANK тиркемесинде Messi Mastercard Gold картасына алдын ала ,eqhenvf берген кардарлар автоматтык түрдө байге ойнотууга катышат.

Башкы байге — эки кишиге UEFA Champions League Final 2026 финалына Будапештке саякат.

Башкы байгеге төмөнкүлөр кирет:
• 1-категориядагы эки билет
• Эки адамга мейманканага жайгашуу
• Mastercard жана УЕФАдан саламдашуу белеги
• Бардык трансферлер: аэропорт–мейманкана–аэропорт жана мейманкана–стадион–мейманкана

Мындан тышкары, катышуучулар Mastercard жана УЕФА брендиндеги эксклюзивдүү мерч топтомдорун утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат: спорт сумкалары, футболкалар, суу бөтөлкөлөрү жана брелоктор.

Акциянын механикасы жөнөкөй: ар бир алдын ала буйрутма бергендер үчүн уникалдуу номур берилет. Жеңүүчүлөр төмөнкү номурлар боюнча аныкталат:
• №300 — мерч топтому
• №600 — мерч топтому
• №1000 — эки кишилик Будапештке саякат

Акцияга Кыргыз Республикасынын резиденттери, MBANK колдонмосунда толук идентификациядан өткөн жана акция учурунда картага алдын ала буйрутма берген кардарлар катыша алышат. Толук шарттар MBANKтын расмий эрежелеринде көрсөтүлгөн.

Messi Mastercard Gold картасы статус, баалуулук жана эксклюзивдүүлүктү айкалыштырат. Колдонмодо алдын ала буйрутманын баасы (биринчи жылдык тейлөө менен) — 1 000 сом. Картанын жарактуулук мөөнөтү — 3 жыл. Карта ээлери Кыргызстанда жана чет өлкөдө POS-терминалдар аркылуу жана онлайн жасалган сатып алуулар үчүн 3% кешбэк алышат.

Максатбек Ишенбаев, MBANK Башкармалыгынын төрагасы:
«MBANK үчүн бул жөн гана жаңы карта эмес — бул каржы, технология жана дүйнөлүк спорттун кесилишинде түзүлгөн уникалдуу продукт. Борбордук Азияда алгачкы жолу кардарларыбыз Lionel Messiнин сүрөтү түшүрүлгөн картаны ала алышат. Биз кардарларга ыңгайлуулук менен катар эмоция да берген чечимдерди түзүүгө аракет кылабыз. Чемпиондор лигасынын финалына баруу мүмкүнчүлүгү бул өнүмдү өзгөчө кылат».

Mastercard өкүлү Санжар Жамалов белгилегендей, бул өнөктөштүк Кыргызстандагы позицияны бекемдеп, MBANK менен узак мөөнөттүү кызматташууну дагы да күчөтөт.

Messi Mastercard Gold картасы Mastercard жана MBANK инновациялык өнүмдөрдү сунуштоо ниетин дагы бир жолу тастыктайт. Эми кардарлар дүйнөлүк футболго дагы жакын боло алышат — капчыгындагы картадан тартып Европанын башкы матчындагы орунга чейин.

MBANK — биринчи санарип! Кыргызстанда жасалган!

КРУБ №014 лицензиясы

Mastercard жөнүндө
Mastercard дүйнө жүзү боюнча 200дөн ашуун өлкөдө жана аймактарда жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жергиликтүү экономикаларды өнүктүрүү үчүн иш алып барат. Компания коопсуз, жөнөкөй жана жеткиликтүү санариптик төлөм чечимдерин сунуштайт.