ky
close icon
image
search icon
burger icon
close icon
Жеке жактарга
Бизнеске
MIslamic
MAcademy
image
ky
search icon

Кыргызстанда биринчи жолу: MBANK иш сапарларды башкаруу үчүн онлайн кызматты ишке киргизди

16 Тогуздун айы 2025

MBANK корпоративдик кардарлар үчүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө.
Мурда жеке колдонуучуларга багытталган MTravel кызматын банк MBusiness платформасына интеграциялады.
Эми компаниялар иш сапарларды уюштуруу үчүн толук жана автоматташтырылган чечимге ээ болушат.

MTravel MBusiness кызматынын ичинде: натыйжалуулук жана толук көзөмөл

Иш сапарларды башкаруу адатта көптөгөн административдик түйшүктөр жана каржылык көзөмөлдүн татаалдыгы менен коштолот.
MTravel менен MBusiness интеграциясы бул процессти түп-тамырынан өзгөртүп, аны ачык, жөнөкөй жана башкарууга жеңил операцияга айлантат.

Жаңы функция корпоративдик кардарларга кызматкерлер үчүн авиабилеттерди түз корпоративдик эсептен сатып алууга мүмкүнчүлүк берет.
Бул — бизнес процесстерди оптималдаштыруу үчүн заманбап чечим.

«Биз рутинаны жоёбуз. MTravel’дин MBusinessке интеграцияланышы компанияларга иш сапарларды тез жана так көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
MBANK корпоративдик банкинг үчүн жаңы стандарт орнотту», — деди MBANK башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Марат Торалиев.

Сиздин бизнес үчүн артыкчылыктар

1. Толук каржылык көзөмөл
Авиабилетти ээлеп коюу боюнча бардык транзакциялар дароо корпоративдик эсепте чагылдырылат.
Бул бюджеттеги «көрүнбөгөн зонадан» арылтып, чыгымдардын реалдуу аудитин камсыздайт.

2. Түз төлөм — ашыкча кадамдарсыз
Аванстар, кызматкерлердин жеке каражатын колдонуу жана узак компенсация процесси жоюлат.
Каржылык агым жөнөкөйлөп, башкаруу натыйжалуулугу жогорулайт.

3. Автоматташкан отчеттор
Кол менен маалымат чогултуу зарылчылыгы жок.
Бардык отчеттор автоматтык түрдө түзүлүп, MBusiness системасында жеткиликтүү болот — бухгалтериянын убактысы үнөмдөлөт.

4. Ыкчам ээлеп коюу жана түз төлөм
Кызматкерлер эми иш сапарларды уюштурууга саат эмес, болгону мүнөттөр жумшашат.
Бул кызматкерлердин убактысын негизги бизнес милдеттерине багыттоого мүмкүндүк берет.

Замандын талабына ылайык чечим

MTravel MBusiness кызматынын ичинде — сиз колдонуп жаткан MBANK экосистемасынын интеграцияланган чечими.
Иш сапарларды башкарууну жаңы деңгээлге көтөрүп, бизнесиңиздин өсүшүнө көңүл буруңуз!

MBANK — Биринчи санарип!
КРУБ №014 лицензиясы