Маанилүү маалымат: Техникалык жаңыртуудан кийинки MBusiness кызматынын иштеши тууралуу

Биз системаларыбызды масштабдуу жаңыртуунун негизги этабын ийгиликтүү аяктадык. Биздин башкы максатыбыз — бизнесиңиз жана күнүмдүк эсептешүүлөрүңүз үчүн бардык каржылык куралдарды дагы да ишенимдүү, коопсуз жана ыңгайлуу кылуу.
Учурда кызматтардын жана функциялардын абалы
Адистерибиз бардык банктык өнүмдөрүн этап-этабы менен ишке киргизип, жөнгө салууну улантууда.
Төмөнкү кызматтар кадимки режимде иштеп жатат:
- эсептерди ачуу;
- MBANKка которуулар;
- Кыргызстандын башка банктарына которуулар;
- SWIFT жана Visa to Account аркылуу эл аралык которуулар;
- мамлекеттик кызматтар (салыктар, айып пулдар, мэриянын ижара төлөмдөрү ж.б.);
- өнөктөштөргө төлөмдөр;
- «Менин үйүм», коммуналдык кызматтары жана MTravel;
- аманаттарды толуктоо жана андан каражат алуу;
- эмгек акы долбоору (эмгек акы төлөө, ведомосттор, кызматкерлерди кошуу);
- карталарды башкаруу (активдештирүү, ПИН-код, SMS-билдирүүлөр, бөгөттөө);
- отчетторду тапшыруу;
- салык боюнча ЭСФ.
- кредиттерди төлөө;
- кредиттерди берүү;
МААНИЛҮҮ!
Жаңыртуу учурунда кабыл алынган төлөмдөр учурда этап-этабы менен иштетилип, эсептерге чегерилүүдө. Каражаттардын бир бөлүгү эсептерде жана көчүрмөлөрдө көрсөтүлүп жатат. Калган суммалар жакын арада толугу менен чегерилет — системага бардык операцияларды туура иштеп чыгуу үчүн бир аз убакыт талап кылынат. Бардык каражаттар биздин көзөмөлдө жана сөзсүз түрдө эсептериңизге чегерилет.
Убактылуу чектөөлөр менен иштеп жатат:
- өз эсептериңиздин ортосундагы которуулар;
- банктын ичиндеги которуулар;
- кирүүчү QR-төлөмдөр;
- чыгуучу QR-төлөмдөр жана комиссияларды эсептен чыгаруу.
Жакын арада жеткиликтүү болот:
- аманаттарды ачуу;
- валюта алмаштыруу.
Кредиттерди төлөө
Техникалык жаңыртуу кардарларыбыз үчүн кошумча ыңгайсыздык жаратпашы үчүн, биз төлөмдөрдүн графигин убактылуу өзгөрттүк.
Кимдер үчүн мөөнөт узартылды: Эгер сиздин пландуу төлөм күнүңүз 1–6-август аралыгына туура келсе, төлөө мөөнөтү 7-август саат 16:00гө чейин автоматтык түрдө узартылат.
Айып пул жана туум эсептелбейт: Бул мезгил ичинде айып пул жана туум эсептелбейт.
Кредиттик тарых сакталат: Төлөм мөөнөтүнүн автоматтык түрдө узартылышы сиздин кредиттик тарыхыңызга эч кандай таасир этпейт.
Эмне кылышыңыз керек?
Сизден эч кандай кошумча аракет талап кылынбайт. Кредитти төлөө үчүн жетиштүү сумманы картаңызда же эсебиңизде кармаңыз. 7-август саат 16:00гө чейин төлөмдү автоматтык түрдө эсептен алынат.
Расмий маалымат булактарына гана ишениңиз!
Системаларды жөнгө салуу жүрүп жаткан учурда интернет мейкиндигинде толук эмес же туура эмес маалыматтар тарашы мүмкүн.
Сиздерден маалыматты төмөнкү расмий булактардан гана алууну өтүнөбүз:
- MBANK жана MBusiness расмий байланыш каналдары;
- банктын расмий сайты;
- банктын социалдык тармактардагы расмий баракчалары.
Бул маалыматтар гана ишенимдүү жана актуалдуу болуп саналат.
Биз көрсөткөн ишенимиңизди жогору баалайбыз жана түшүнүү менен мамиле кылганыңыз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз