SME Banking Agency версиясы боюнча ОАО «Мбанк» инновацияларынын триумфу. 2025-жылы — 11 жеңиш.

17 Бештин айы 2025

Кыргызстандын каржы коомчулугу үчүн кубанычтуу жаңылык! 2025-жылы ОАО «Мбанк» абройлуу SME Banking Agency тарабынан берилген таасирдүү сандагы сыйлыктарга ээ болуп, Кыргызстанда чакан жана орто бизнеске банктык кызмат көрсөтүүнүн флагманы экенин дагы бир жолу далилдеди. Бул кесипкөй коомчулуктун таануусу MBusiness — бул сапат, ишенимдүүлүк жана инновация экенин көрсөтөт!

2025-жылдагы MBANK сыйлыктарынын хронологиясы:

11-апрель 2025-жыл MBusiness Кыргызстанда төмөнкү төрт категория боюнча №1 деп табылды:
Digital Onboarding, Mobile Banking, Online Banking жана Beyond Banking. Бул жыйынтык «Digital Banking: Борбор Азия өлкөлөрү» эксперттик кеңешинин негизинде чыгарылган.

Бул жетишкендиктердин жана региондогу лидерлер менен салыштыруунун негизинде 17-июнь 2025-жылы онлайн-конференция учурунда MBANK Борбор Азия өлкөлөрүндөгү мыкты банктардын катарына кирип, TOP20 SME Banks тизмесине кошулду.

20-июнь 2025-жыл Тбилиси шаарында өткөн «Sustainable Finance: Борбор Азия өлкөлөрү» эксперттик кеңешинин жыйынтыгы боюнча MBANK Кыргызстанда «Sustainable Finance» категориясында биринчи орунду ээледи.

26-сентябрь 2025-жыл Ташкент шаарында өткөн SME Banking Council иш-чарасында MBANK Кыргызстанда «Business Banking» номинациясы боюнча №1 деп таанылды.

27-ноябрь 2025-жыл Вена шаарында өткөн эксперттик кеңештин жыйынтыгы боюнча MBANK Кыргызстанда «Business Financing» номинациясында жеңүүчү болду.

Негизги категорияларда MBusiness лидерлиги

MBANK ишкерлер үчүн заманбап банкингдин бардык аспектилерин камтыган 4 негизги номинацияда жеңишке жетишип, өзгөчө жыйынтыктарды көрсөттү. Бул ийгиликтер Кыргызстан деңгээлинде да, Борбор Азиянын лидерлеринин арасында да тастыкталды. Бул сыйлыктар MBusiness тренддерди жөн гана ээрчибестен, аларды өзү аныктап жатканын далилдейт.

Business Banking
Банк бул категорияда үч жолу сыйланды. Бул ишкерлер үчүн эң мыкты комплекстүү тейлөөнү — эсеп-кысап операцияларынан тартып, чакан жана орто бизнести каржылоого чейин — тастыктайт.

Sustainability & Impact
MBANK бул багытта эки жолу сыйлык алды — Кыргызстан жана Борбор Азия деңгээлинде. Бул банкты туруктуу жана социалдык жоопкерчиликтүү каржылоо жаатындагы регионалдык лидер катары көрсөтүп, экономикага жана коомго кошкон салымын (ESG) баса белгилейт.

Digital Banking. Бул категорияда MBusiness 4 номинация боюнча жеңишке жетти:

  • Digital Onboarding — жаңы кардарларды онлайн, тез жана ыңгайлуу кошуу процесси боюнча мыкты деп табылды, бул бизнеске банк менен иштөөнү кеңсеге барбастан дароо баштоого мүмкүндүк берет.
  • Mobile Banking — күнүмдүк каржыны башкаруу үчүн эң мыкты мобилдик колдонмо деп табылды.
  • Online Banking — мобилдик жана веб-версияларда мыкты колдонуучу тажрыйбасын камсыз кылган эң мыкты онлайн-банкинг.
  • Beyond Banking — банктык кызматтардан тышкаркы каржылык эмес жана толук кандуу бизнес-экосистеманы өнүктүрүүдөгү лидерлик.

Факт:
ОАО «Мбанк» алган сыйлыктардын көптүгү жана ар түрдүүлүгү MBusiness Кыргызстан рыногунда комплекстүү, ыңгайлуу жана келечекке багытталган чечим экенин тастыктайт.

Ишенимди бекемдөө: MBusiness’тен чакан жана жана орто бизнес үчүн сапат, баалуулук жана ишенимдүүлүк

SME Banking Agency — эл аралык эксперттик уюм тарабынан берилген 11 сыйлык MBusiness кардарларга сунуштаган баалуулуктун дүйнөлүк деңгээлде таанылганын билдирет.

Баалуулук:
MBusiness — ишкерлер үчүн толук кандуу санарип жардамчысы. Business Banking жана Beyond Banking номинациялары колдонмо убакытты үнөмдөп, каржыны 24/7 башкарууга жана бизнести өнүктүргөн каржылык эмес кызматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кыларын көрсөтөт.

Сапат:
Mobile Banking жана Online Banking категорияларындагы таанылуу — интуитивдүү интерфейсти, жогорку ылдамдыкты жана бизнес муктаждыктарына багытталган мыкты колдонмо тажрыйбасын тастыктайт.

Ишенимдүүлүк:
Көптөгөн сыйлыктар MBusiness заманбап коопсуздук технологияларын колдонуп, каржылык операциялар менен маалыматтарды ишенимдүү коргой турганын далилдейт.

Бизнестин келечегине карай

Бул жеңиштер OАО «Мбанк» жана MBusiness колдонмосун өзгөчөлөп көрсөтөт. Банк салттуу каржылык кызматтар менен гана чектелбестен, ишкерлердин күнүмдүк маселелерин чечүүгө жардам берген толук бизнес-экосистеманы түзүп жатат (мисалы: бухгалтерияны башкаруу, CRM-системалар ж.б.).

2025-жылдагы бул 11 сыйлык — сыймыктанууга негиз гана эмес, кардарлар алдындагы милдеттенмебиз. OАО «Мбанк» инновацияларга инвестиция салууну улантып, MBusiness ишенимдүү өнөктөш жана санариптик ийгиликке жол ачкан лидер бойдон калат.

MBusiness — бизнесиңизди натыйжалуу башкарыңыз!

SME Banking Agency — Лондон, Киев жана Вена шаарларында кеңселери бар европалык компаниялар тобу. Агенттик чакан жана орто бизнес сегментинде аналитикалык, маалыматтык жана стратегиялык консалтинг кызматтарын көрсөтөт. Рейтинг 100дөн ашык параметр боюнча түзүлүп, кызматтардын сапатына, инновациялуулугуна жана акыркы 12 айдагы чакан жана орто бизнести колдоонун өнүгүү динамикасына өзгөчө көңүл бурулат.

MBANK — биринчи санарип!

КРУБ №014 лицензиясы