Кыргызстан боюнча пайдалуу саякат: MBANK MTravel кызматындагы 10% кешбэк баштады

Кыргызстан — бул шаардык ызы-чуудан алыстап, чыныгы эс алуу тартуулаган өлкө. Бул жерде табият алгачкы көз караштан тартып таасир калтырат, ал эми ар бир маршрут жаңы эмоцияларды тартуулайт.
Жандуу окуяларга толгон саякатты кыялданып жатасызбы? Керемет капчыгайлар менен кооз каньондор сизди күтөт. Ал эми кар баскан Караколдун тоо боорлорун ар бир адам сөзсүз көрүшү керек.
Эгер алыска барбай эле эс алгыңыз келсе, Бишкекке жакын жайгашкан жайлуу эко-глэмпингдерге көңүл буруңуз — табият койнунда эс алып, чыныгы релакс алуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк.
Сүйүктүү багыттар эми мурдагыдан дагы жеткиликтүү
MBANK ички туризмди сүйгөндөр үчүн жазгы акцияны жарыялайт. Эми MTravel кызматы аркылуу турак жай брондогон колдонуучуларга ар бир брондоо үчүн 10% кешбэк кайтарылат.
Өзүн актаган саякаттар
20-февралдан 20-мартка чейин өлкө ичинде эс алууну пландаштыруу мурдагыдан да жеңил жана пайдалуу болуп калды. Жаңы акциянын алкагында мейманканаларды жана конок үйлөрүн толук төлөгөндө каражаттын бир бөлүгү кайтарылып берилет.
Акциянын негизги артыкчылыктары:
- Кешбэк эсептөө шарттары: ар дем алыш сайын ар башка жерлерде эс алсаңыз болот, бирок бир эле мейманкана/конок үйүн кайталап брондогондо кешбэк эсептелбейт;
- Ачык-айкындуулук: бонус суммасын төлөөгө чейин эле — мейманкананын карточкасынан жана брондоо деталдарынан көрө аласыз;
- Ыңгайлуулук: локация тандоодон тартып төлөмгө чейин бардык этаптар MBANK колдонмосунун ичинде жүргүзүлөт.
Кантип турак жай брондоп, бонус алууга болот?
Баары болгону бир нече мүнөттү алат:
- MBANK колдонмосун ачып, MTravel кызматына өтүңүз;
- «Кыргызстан» бөлүмүн тандаңыз;
- Багытты аныктаңыз;
- Күндөрдү, коноктордун санын көрсөтүп, «Турак жай табуу» баскычын басыңыз;
- Жаккан номерди тандап, толук төлөм жүргүзүңүз.
Ошондон кийин система бонусуңузду автоматтык түрдө каттайт. Кешбэк эсебиңизге кайтарылып, кийинки сапарыңызды дагы да жагымдуу кылат.
Жөн гана брондоо эмес
MTravel — саякатчылар үчүн универсалдуу жардамчы. Бул кызмат аркылуу турак жай издөөдөн тышкары дүйнө жүзү боюнча авиабилеттерди тез сатып алууга жана турларды тандоого болот. Убакытын баалаган жана банкынан көбүрөөк артыкчылык алууну каалагандар үчүн идеалдуу чечим.