Президент “Технопарктын” ачылышына катышты – MBANK IT-революциянын башында турат.

16 Чын куран 2025

Президент “Технопарктын” ачылышына катышты – MBANK IT-революциянын башында турат.

Президент Садыр Жапаров өлкөдө IT-компаниялар жана жаш адистер үчүн маанилүү борбор болууга багытталган “Технопарк” IT-хабынын расмий ачылышына катышты. Ачылыш иш-чарасы мамлекет башчысынын сапарынын негизги максаты болду.

«Биз санариптик технологиялар доорунда жашап жатабыз. Бүгүнкү күндө билимди жана технологияларды пайдалана билүү – бул табигый ресурстар менен тең атаандаша турган негизги мүмкүнчүлүк болуп калды. Биз дал ушул багытты артыкчылыктуу деп эсептейбиз», – деди Садыр Жапаров иш-чара учурунда.

«Мурда өнүгүүгө жол табигый байлыктар жана деңиз жолдору аркылуу өтсө, азыр IT-технологиялар өсүүнүн жаңы багытына айланды», – деп кошумчалады Президент.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Технопарктын аймагында жайгашкан Кыргызстандагы биринчи санариптик банк – MBANKтын кеңсесине да барды. Президент финтех-компаниянын ишмердүүлүгү жана жарандарга банктык жана мамлекеттик кызматтарга жетүүнү жеңилдеткен санариптик өнүмдөрү менен таанышып чыкты.

MBANK мамлекеттик жана муниципалдык онлайн кызматтардын кеңири спектрин сунуштайт —  анын ичинде төлөмдөрдү жүргүзүү, документтерди алуу жана текшерүүлөрдү аткаруу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.

Жана башка көптөгөн кызматтар

 

Садыр Жапаров ошондой эле MBANKтын директорлор кеңешинин төрагасы Өмүрбек Бабанов менен жолугушту. Ал Президентке банктагы бөлүмдөрдү көрсөтүп, кызматкерлердин иши жана MBANKтын негизги багыттары тууралуу кеңири маалымат берди.

Тараптар өлкөдөгү санариптик экономиканын өнүгүшү, финтех секторунун ролу жана IT-кызматтардын потенциалы тууралуу да пикир алышты.

«Мындай аянтчалардын аркасында, тармактагы адистер чогулуп, ойлорун бөлүшүп, бири-бирин колдоп турганда — жаңы идеялар жаралат. Дал ушул түшүнүктүн негизинде IT-хабды түзүү идеясы келип чыккан», — деди Өмүрбек Бабанов.

«Биз өз ресурстарыбызды учурдагы заман чакырыктарына жараша трансформациялап, өнүгүүнүн кийинки баскычына өтүшүбүз керек», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Бүгүнкү күндө MBANK өлкө боюнча он миңдеген кардарларга кызмат көрсөтөт. Компания мобилдик банкинг, онлайн төлөмдөр жана мамлекеттик кызматтар менен санариптик өз ара аракеттенүү тармагында заманбап чечимдерди сунуштоодо.

Технопарктын ачылышы жана MBANK сыяктуу компаниялардын өнүгүшү — Кыргызстан экономикасынын санариптик жана туруктуу өсүшүнө багытталган маанилүү кадам болуп калат деп күтүлүүдө.

MBANK — Биринчи санарип!

КРУБ №014 лицезиясы