MBANK жашоону жеңилдетет: бир нече мүнөттүн ичинде балдарды мектепке онлайн каттоо.

4 Чын куран 2025

Эми ата-энелер балдарын мектепке киргизүү үчүн кезекке туруп, мектептерге  барып убакыт коротуунун кажети жок. MBANK жаңы “Электрондук мектеп” кызматын ишке киргизет, бул колдонмо аркылуу – бир нече баскыч менен балдарды биринчи класска каттоого мүмкүндүк берет. 
Кызмат КРдин Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Санариптик билим берүү борбору» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте иштелип чыккан.

Бул кантип иштейт?

Мектепке электрондук кабыл алуунун биринчи этабы 2025-жылдын 1-июнуна чейин жүргүзүлөт. Система ата-эненин катталган жерине ылайык келген мектептердин тизмесин сунуштайт.

Баланы каттоо үчүн төмөнкүлөр керек:

  1. MBANK колдонмосун ачыңыз - "Кызматтар".
  2. "Мектепке электрондук каттоо" бөлүмүнө өтүңүз, анда балдарыңыздын тизмеси көрсөтүлөт.
  3. Мектепке каттоону пландаган баланы тандаңыз.
  4. Система ата-эненин катталган жери боюнча мектептерди автоматтык түрдө сунуштайт. Мектепти жана окутуу тилин тандаңыз.
  5. "Жазылуу" баскычын басыңыз. Ийгиликтүү каттоодон өткөндөн кийин, "Катталды" билдирүүсү пайда болот.

Каттоонун экинчи этабы 2025-жылдын 2-июнунан 15-августуна чейин созулат. Бул бош орундар бар башка мектепти (микроучастокто эмес) тандоо мүмкүнчүлүгүн ачат.

Кызматты кимдер колдоно алат?

2025-жылы мектептерге электрондук катталууга мүмкүнчүлүгү бар:

  • 2018-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар 2-класска кабыл алынат.
  • 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар 1-класска кабыл алынса,  ал эми, «Наристе» программасы боюнча (480 саат) мектепке чейинки даярдыктан өткөндөр 2-класска кабыл алынат.

MBANK мектепти каттоо процессин жөнөкөйлөтүп, ата-энелерге кезек күтпөстөн жана ашыкча түйшүктөрдөн качууга мүмкүндүк берип, билим берүүнү жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылат.

Окуу жылы башталганга чейин балаңызга Mjunior балдар картасын ачыңыз – бул финансылык сабаттуулукка үйрөтүү үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана пайдалуу. Шилтеме MBANKтан аркылуу картага акысыз буйрутма кылыңыз.