Ош шаарындагы MTravel Day: 200дөн ашык субагент MTravel кызматтары менен таанышты

Ош шаарында туристтик тармактын өкүлдөрү, өнөктөштөр жана бизнес өкүлдөрү үчүн B2B форматындагы MTravel Day иш-чарасы өттү. Ага 200дөн ашык субагент катышты.
Катышуучулар MBANK'тын авиабилеттерди брондоо үчүн арналган MTravel кызматынын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Иш-чаранын максаты — өнөктөштүк байланыштарды бекемдөө, субагенттер үчүн санарип чечимдердин өнүгүшүн көрсөтүү жана саякаттарды уюштурууну ыңгайлуу кылуу.
MTravel кызматы тууралуу презентацияны инновациялар боюнча директор Султан Кооманов жасады. Ал кызматты кантип колдонуу керектигин айтып, ошондой эле корпоративдик багыт үчүн жаңыртууларды жана жаңы функцияларды тааныштырды. Юридикалык эксперт Ильяна Жедигерова бизнести коргоо үчүн келишимди кантип түзүү керектигин түшүндүрдү. Ошондой эле иш-чарада AJet компаниясынын өкүлү жана bilet.kg компаниясынын башкы директору Азат Исаков сөз сүйлөдү.
Иш-чаранын программасына авиация жана саякат тууралуу интерактивдүү бөлүк, туура жооп бергендер үчүн фирмалык белектер, компаниялардын өкүлдөрү менен суроо-жооп сессиясы жана нетворкинг кирди. Иш-чаранын соңунда катышуучулар арасында белек сертификаттары ойнотулду.
Эмне үчүн субагенттер MTravel кызматын тандашат?
Субагенттер көбүнчө ар кандай брондоо системалары менен иштөөгө, кардарга ылайыктуу каттамды узак убакыт издөөгө жана татаал кесиптик платформаларды өздөштүрүүгө аргасыз болушат. Мындан тышкары, буйрутмаларды жана каржы операцияларын ачык-айкын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү жок, ал эми жеткирүүчүлөр менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү ыңгайсыз.
MTravel бул маселелерди чечүүгө жардам берет. Субагенттер төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат:
● алдыңкы брондоо системаларынын сунуштары менен иштөө үчүн бирдиктүү интерфейс;
● 200дөн ашык авиакомпаниянын каттамдарына жеткиликтүүлүк;
● буйрутмалардын, операциялардын тарыхы жана иш балансы көрсөтүлгөн жеке кабинет;
● кызмат менен иштөө боюнча окутуу;
● жеке менеджер;
● балансты толуктоонун ийкемдүү жолдору жана макулдашылган эсептешүү тартиби.
MTravel кызматынын өнөктөшү болуу үчүн шилтеме аркылуу арыз калтырсаңыз болот.
MBANK MTravel кызматын 2024-жылдын июнь айында ишке киргизген. Бул кызмат банктын бардык керектүү кызматтарды бир жерде бириктирген санарип экосистеманы түзүү стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат.
MBANK — биринчи санарип! Кыргызстандын өнүмү!
КРУБ №014 лицензиясы.