ПАЙЫЗСЫЗ БӨЛҮП ТӨЛӨӨ ЭМИ “АЗИЯ” ГИПЕРМАРКЕТТЕРИНДЕ
MBANK Азия гипермаркеттеринде M+ бөлүп төлөө планын ишке киргизди!
Жаңы M+ кызматы сооданы мурдагыдан дагы ыңгайлуу кылат. Эми, Азия гипермаркеттеринде бөлүп төлөө кызматы бар, бул каалаган товарды бөлүп төлөөгө мүмкүндүк берет. Каттоо бир-эки мүнөттү гана талап кылат жана биринчи төлөм кийинки айда башталат. Бул бюджетти башкарууда ийкемдүүлүктү жана ыңгайлуулукту баалагандар үчүн чечим.
Бөлүп төлөө шарттары:
- Мөөнөтү: 3 айга чейин.
- Сатып алуунун минималдуу суммасы: 150 сомдон.
- Эч кандай үстөк пайыздарсыз же ашыкча төлөмдөрсүз.
M+ менен кантип колдонсо болот?
1 MBANK тиркемесин ачыңыз.
2 M+ бөлүмүндө кредиттик сызык ачуу үчүн сурам жөнөтүңүз.
3 Кассада M+ аркылуу төлөгүңүз келгени тууралуу билдириңиз.
4 Кассадагы QR кодду сканерлеңиз.
5 "M+ төлөм" баскычын басып, төлөмдү ырастаңыз.
6 Төлөмү кийинки айдан тарта гана баштала турган сатып алган нерселериңизди алып кетиңиз.
M+ бөлүп төлөө планы тандоо эркиндигин жана керектүү нерселердин бардыгын азыр сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. Кызмат бүткүл өлкө боюнча иштеп, ар бир Азия гипермаркетинде пайдалуу сатып алууларды камсыздайт.
MBANK – Биринчи санарип!
КРУБ №014 Лицензиясы