Кыргызстандагы турларды тандоо үчүн биринчи AI-жардамчы — «Турайка»

Эс алууга чыккыңыз келет, туроператорлордун сайттарын ачып алып, үч күнгө ошол жакта жоголуп кетесиз. Чексиз фильтрлер, жүздөгөн окшош мейманканалар, даталарды жана учууларды тандоо... Эс алууну пландоо көп учурда экинчи оор жумушка айланып калат. Ал эми шыктануу түнкү саат экиде келсе, кеңеш сурай турган адам да табылбайт. Тааныш жагдайбы?
MTravel сиздерге Кыргызстандагы турларды тандоо боюнча биринчи акылдуу AI-жардамчы — Турайканы тартуулайт.
Мындан ары татаал фильтрлердин кереги жок
Сиз Турайка менен кадимки, жандуу тилде сүйлөшөсүз. Болгону кандай эс алууну каалап жатканыңызды айтып бериңиз. Андан да жеңилирээк болушу үчүн, Турайка өзү туура багыттоочу суроолорду берет.
Эмне үчүн бул ыңгайлуу?
• Укмуштай ылдамдык: Сааттап издегендин ордуна — болгону бир мүнөттө даяр жыйынтык.
• Баарын түшүнөт: Балдар менюсунан тартып экстремалдык эс алууга чейин, так бюджеттик чектөөлөрдү жана өзгөчө даталарды да эске алат.
• 24/7 жеткиликтүү: Турайка уктабайт, түшкү тыныгууга чыкпайт жана түн ортосунда да сизге ылайыктуу турду тандап бере алат.
Бул кандай иштейт?
• MBANK колдонмосун ачыңыз;
• MTravel кызматына кириңиз;
• «Турлар» бөлүмүн тандап, «Турайка» баннерин басыңыз;
• Өз каалоолоруңузду Турайкага жазыңыз;
• Жарым мүнөттүн ичинде так эсептелген сунуштарды аласыз.
Эң ылайыктуусун тандаңыз, андан соң Турайка даяр өтүнмөнү дароо жандуу турагентке өткөрүп берип, тез арада каттоого жардам берет.
Эс алуу стресстен эмес, жагымдуу ойлордон башталышы керек.
MBANK — биринчи санарип!
КР УБ №014 лицензиясы