MBANK’та ОСАГО: онлайн 1 мүнөттө тартыңыз!

13 Кулжа 2025

📢 ОСАГО MBANK тиркемеси аркылуу тартып алса болот!

ОСАГО — бул ар бир айдоочу үчүн милдеттүү түрдө болушу керек болгон камсыздандыруу. Бул сизди жана башка жол кыймылынын катышуучуларын кырсык болгон учурда каржылык жоготуулардан коргоого жардам берет.

ОСАГО боюнча негизги эреже: эгер сиз жол кырсыгына күнөөлүү болсоңуз, сиздин ОСАГО камсыздандырууңуз жабыр тарткан адамдарга, алардын мүлкүнө же ден соолугуна келтирилген чыгымдарды төлөп берет.


📊 ОСАГО полисинин баасы эмнеден көз каранды?

ОСАГО камсыздандыруусунун баасы төмөнкү факторлорго жараша өзгөрөт:

  • Унаанын түрү жана техникалык мүнөздөмөлөрү: жеңил, жүк ташуучу ж.б.

  • Айдоочунун жаш курагы жана айдоо тажрыйбасы

  • Диагностикалык карта бар же жок экени (айрым унаалар үчүн талап кылынат)

  • Камсыздандыруу мөөнөтү: полис кандай убакытка алынат

📌 ОСАГО боюнча негизги ставка — 1 680 сом


💰 ОСАГО менен канча сумма алууга болот?

  • 🖤 300 000 сомго чейин — каза болгон учурда

  • 200 000 сомго чейин — I топтогу майыптык берилсе

  • 150 000 сомго чейин — II топтогу майыптык берилсе

  • 100 000 сомго чейин — III топтогу майыптык берилсе

  • 🤕 100 000 сомго чейин — жаракат алып, бирок майыптык берилбесе

  • 🚗 150 000 сомго чейин — ар бир жабырлануучунун мүлкү үчүн (мисалы, унаа оңдоосу), бирок жалпысы 450 000 сомдон ашпоосу керек


MBANK аркылуу полис тартып алсаңыз, төмөнкүлөрдү аласыз:

  • 💳 Онлайн 1 мүнөттө тартыңыз

  • 📱 Полис дайыма телефонуңузда

  • 🤝 Республика боюнча жарактуу расмий документ

  • Ишенимдүү камсыздандыруу компанияларынын кеңири тандоосу


📲 ОСАГОну тартыңыз: Сервистер → Баардык сервистер → ОСАГО бөлүмүндө