Техникалык иштер

Биз тейлөөлөр ылдам, ал эми мүмкүнчүлүктөрүңүз чексиз болушу үчүн иштеп жатабыз.
19-марттан 20-мартка караган түнү саат 00:00дөн 07:00гө чейин маанилүү жаңыртуу жүргүзөбүз.
7 саатка убактылуу эмнелер токтотулат?
Колдонмолор: MBANK жана MBusiness. Убактылуу жеке кабинетиңизге кире албайсыз, телефондон балансты текшере албайсыз же номур аркылуу которуу жасай албайсыз.
Эсептерди башкаруу: Колдонмодогу ички операциялар жеткиликсиз болот.
Кайсы кызматтар кадимки режимде иштейт?
Карталарыңыз: Дүкөндөрдө, дарыканаларда, май куюучу жайларда жана интернетте төлөмдөрдү эркин жүргүзө аласыз.
Нак акча: Банкоматтар аркылуу акча алуу жана толуктоо чектөөсүз жеткиликтүү болот.
Сунуштайбыз: Эгер жакындарыңызга акча которуу же кызматтар үчүн (коммуналдык, интернет) колдонмо аркылуу төлөм жүргүзүү керек болсо, муну 20-март саат 00:00гө чейин жасап коюңуз.
Эртең мененки саат 07:00дө MBANK жана MBusiness колдонмолору кайра ишке кирип, мурдагыдан да ылдамыраак иштей баштайт.
Түшүнүү менен кабыл алганыңыз үчүн рахмат, сиздер эң мыктысыздар! 💚