Башкы бет
Жеке жактар
Жаңылыктар
эми Mastercard World Elite премиум карта ээлери «Манас» аэропортунун бизнес-залына чексиз кире алышат
Mastercard жана MBANK артыкчылыктарды кеңейтет: эми Mastercard World Elite премиум карта ээлери «Манас» аэропортунун бизнес-залына чексиз кире алышат

MBANK Mastercard World Elite премиум карта ээлери үчүн жаңы артыкчылыкты жарыялайт. Эми карта ээлери LoungeKey тиркемеси аркылуу «Манас» аэропортунун бизнес-залына чексиз кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
MBANKтын Mastercard World Elite картасы кардарларына көптөн бери эксклюзивдүү артыкчылыктарды сунуштап келет, мисалы:
- Зер буюмдарына 7% кешбэк жана башка категорияларга 3%;
- Бүткүл үй-бүлө үчүн $500 000 чейин камсыздандыруу;
- Аэропорттордо чектөөсүз Fast Track;
- Дүйнө жүзүндө 3 ГБ интернет (Flexiroam eSIM);
- 1000ден ашык ресторанда атайын сунуштар (Restaurant Offers);
- MBonus программасында «Платина» деңгээли;
- Кыргызстанда акысыз жана чет өлкөдө $1000 чейин нак акча алуу;
- Дүйнө жүзүндө 1100+ LoungeKey бизнес-залына чексиз кирүү.
Эми бул артыкчылыктарга «Манас» аэропортунун бизнес-залына кирүү кошулду, бул ар бир саякатты дагы ыңгайлуу жана премиалдуу кылат.
MBANKтын Mastercard World Elite — бул жөн гана карта эмес, кардарларыбыз үчүн ыңгайлуулукту, коопсуздукту жана эксклюзивдүү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаган премиум кызмат. «Манас» аэропортунун бизнес-залына кирүү — саякаттарды максималдуу ыңгайлуу жана жагымдуу кылууга дагы бир кадам.
Карта чыгаруу жана тейлөө акысы: жылына 15 000 сом.
Эске салабыз, Mastercard World Elite картасынын ээлери UEFA 2026 Чемпиондор Лигасынын финалына сапар утуп алуу мүмкүнчүлүгү акциясына катыша алышат.
Катышуу үчүн:
1️ MBANK колдонмосунан Mastercard World Elite картасын буйрутма кылыңыз
2️ Кыргызстанда жана чет өлкөдө сатып алууларды аткарыңыз — онлайн жана офлайн
3️ 20.02.26–10.04.26 аралыгында эң көп транзакция жүргүзгөн катышуучу жеңүүчү болот
Башкы байгеде камтылат:
• Мейманканада калуу
• CAT 1 категориясындагы 2 билет
• Mastercard жана UEFAдан эксклюзивдүү белек
• Трансферлер: аэропорт — мейманкана — аэропорт жана мейманкана — стадион — мейманкана
MBANK — биринчи санарип!
КРУБ №014 лицензиясы