MBANK GOLD карталары боюнча калдыкка пайыз эсептөө шарттарынын өзгөрүшү

13 Жалган куран 2026

Урматтуу кардарлар!

Банктын Башкармалыгынын чечимине ылайык, MBANK GOLD карталары (Mastercard, Visa) боюнча эсептеги калдыкка пайыздарды эсептөө шарттарына өзгөртүүлөр киргизилгенин маалымдайбыз.

Жаңыртылган шарттарга ылайык:

  • эсептеги калдыкка пайыздык чен — жылдык 5%;

  • минималдуу төлөм суммасы — айына 100 сом;

  • максималдуу төлөм суммасы — айына 1 000 сом.

Бул өзгөртүүлөр продукттун шарттарын жаңыртуунун алкагында киргизилди.

Эсептеги калдыкка пайыздарды эсептөө шарттары Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн гана колдонулат.

Жаңы шарттар 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет жана MBANK GOLD карталарынын (Mastercard, Visa) ээлерине колдонулат.