Башкы бет
Жеке жактар
Жаңылыктар
QR-код аркылуу төлөмдөр жана QR Cash-Out кызматы боюнча тарифтерди киргизүү жөнүндө
QR-код аркылуу төлөмдөр жана QR Cash-Out кызматы боюнча тарифтерди киргизүү жөнүндө

«МБанк» ААК QR-код аркылуу төлөмдөр боюнча операцияларга жана QR Cash-Out кызматына тарифтер киргизилгенин маалымдайт.
2026-жылдын 18-мартынан тартып төмөнкү тарифтер күчүнө кирет:
QR-код аркылуу төлөмдөр боюнча тарифтер (накладные):
-
Банктын QR-коду (өз QR) аркылуу төлөм жүргүзүлгөндө — операция суммасынан 0,3%;
-
Башка банктын QR-коду (чоочун QR) аркылуу төлөм жүргүзүлгөндө — операция суммасынан 1%.
QR Cash-Out кызматы боюнча тарифтер (мерчанттар аркылуу накталай акча алуу):
-
кардар үчүн комиссия — операция суммасынан 0,2% чейин;
-
мерчанттын Банкка төлөй турган комиссиясы — 0%;
-
накталай акча берүү суммасы — 100 сомдон 15 000 сомго чейин.
QR Cash-Out кызматы Банктын кардарларына соода жана сервис ишканалары аркылуу накталай акчаны тез жана ыңгайлуу алууга мүмкүнчүлүк берет. Кызматты киргизүү накталай акча берүү түйүндөрүнүн тармагын кошумча чыгымдарсыз кеңейтүүгө жана банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
КРУБ № 014 лицензиясы.