ky
image
Жеке жактарга
Бизнеске
MIslamic
image
ky

MIslamic жана «Кыргыз Көмүр» кызматташуу боюнча макулдашты: эми көмүрдү бөлүп төлөө менен сатып алууга болот

4 Жетинин айы 2026

MBANK’тын ислам банкинги — MIslamic жана «Кыргыз Көмүр» өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Анын алкагында эми көмүрдү Шариат принциптерине ылайык MIslamic онлайн-каржылоосу аркылуу бөлүп төлөө менен сатып алууга болот.

Көмүрдү бүтүндөй кыш мезгилине бир эле жолу сатып алуу кымбатка турат, ал эми аз-аздан сатып алуу ыңгайсыз, анткени баалар тынымсыз өсүп жатат. Эми керектүү көлөмдөгү көмүрдү дароо алып, акчасын бөлүп төлөй аласыз.

Бул үчүн MIslamic онлайн-каржылоосун тариздөө жетиштүү. Ал 15 миң сомдон 200 миң сомго чейинки суммага, 3 айдан 36 айга чейинки мөөнөткө жеткиликтүү. Адатта, арыз 1 мүнөткө чейин каралат. Кааласаңыз, каржылоону мөөнөтүнөн мурда төлөп бүтө аласыз.

Көмүрдү бөлүп төлөө менен кантип сатып алууга болот?

  • MBANK колдонмосунан MIslamic бөлүмүн ачыңыз.
  • «Каржы» бөлүмүнө кирип, андан соң «Жеке максаттар үчүн» дегенди тандаңыз.
  • «Каалаган сумманы билүү» баскычын басып, 15 миңден 200 миң сомго чейинки сумманы көрсөтүп, өтүнмө жөнөтүңүз.
  • Керектүү талааларды толтуруп, ырастоо кодун суратып, офертанын шарттарын кабыл алыңыз.
  • SMS аркылуу келген кодду жазыңыз. Өтүнмө кароого жөнөтүлөт.
  • Өтүнмө жактырылгандан кийин каржылоонун шарттары көрсөтүлгөн push-билдирүү аласыз.
  • Шарттар менен таанышып, «Ачуу» баскычын басыңыз жана колдонмодогу көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.
  • Каржылоо линиясы ачылгандан кийин сизге билдирүү келет.
  • «Кыргыз Көмүр» өнөктөшүнөн көмүр тандап, өнөктөштүн QR-кодун сканерлеңиз, бөлүп төлөө мөөнөтүн жана төлөө күнүн көрсөтүңүз.
  • «Өтүнмө жиберүү» баскычын басып, сатып алууну ырастаңыз.

Көмүрдү кайдан сатып алууга болот?

Көмүрдү «Кыргыз Көмүр» өнөктөштөрүнүн төмөнкү сатуу түйүндөрүнөн бөлүп төлөө менен сатып алууга болот:

  • Жеке ишкер Нурманбетов Б.К. – Новопавловка айылы, Крупская көчөсү, 283А.
  • Жеке ишкер Жунушалиев И.Т. – Мурманская көчөсү, 67А.
  • Жеке ишкер Бабышов М.М. – «Кара-Жыгач» конушу, Оберон жана Сары-Озон көчөлөрүнүн кесилиши.
  • Жеке ишкер Аккулаков Б.Ж. – Көк-Жар айылы, Карагул-Акмат / 7-Апрель көчөлөрү (эски мунай базасы).
  • Жеке ишкер Жээнбеков Н.Ж. – Токмок шаары, Жантаев көчөсү, 81/4.
  • Жеке ишкер Момунбаев Ж.К. – Ленинское айылы, Восточная көчөсү, 248А.
  • Жеке ишкер Орозов Р.О. – Новониколаевка айылы, Западная көчөсү, 1Б.
  • Жеке ишкер Мийнекеев А.Б. – Полтавка айылы, Октябрьская көчөсү, 99.

Эгер сиз отун базасынын ээси болсоңуз жана MIslamic аркылуу көмүрдү бөлүп төлөө менен сатууну кааласаңыз, долбоордун өнөктөшү боло аласыз.

MBANK колдонмосунан MIslamic бөлүмүн ачып, онлайн-каржылоону тариздеңиз жана «Кыргыз Көмүр» компаниясынан көмүрдү бөлүп төлөө менен сатып алыңыз. Кышкы жылытуу мезгилин жылуу тосуп алыңыз!

MIslamic – исламдык санарип банкинг.

КРУБ №014/1 лицензиясы.