MBANK Visa Gold карталарын Кыргызстан боюнча картоматтар аркылуу дароо чыгаруу / кайра чыгаруу мүмкүнчүлүгүн баштады

5 Бирдин айы 2026

MBANK өлкөнүн биринчи санарип банкы катары өз статусун дагы да бекемдеп, кардарлар үчүн жаңы деңгээлдеги ыңгайлуулукту сунуштайт: эми Visa Gold Instant карталарын MBANK картоматтарында болгону 60 секунд ичинде акысыз чыгарууга жана кайра чыгарууга болот.

Буга чейин картоматтар аркылуу MJunior балдар карталары гана жеткиликтүү болсо, эми кызмат кеңейип, банк кардарлары бөлүмгө барбастан жана жеткирүүнү күтпөстөн Visa Gold Instant картасын дароо ала алышат.

Тез, акысыз жана толугу менен санарип форматта

Картаны чыгаруу же кайра чыгаруу процесси бир мүнөттөн ашпайт, ал эми картанын өзү 15 секунд ичинде басылып чыгат. Бардык операциялар MBANK мобилдик колдонмосу аркылуу QR-код колдонуп тастыкталат, бул коопсуздукту жана ыңгайлуулукту камсыздайт.

Картаны алуу үчүн төмөнкү кадамдар жетиштүү:

  • картоматтын башкы экранынан «Gold картасын алуу» баскычын басыңыз
  • QR-кодду MBANK колдонмосу аркылуу сканерлеңиз
  • операцияны тастыктаңыз
  • ырастоо кодун киргизиңиз — жана даяр картаны алыңыз

Кимдер картомат аркылуу карта чыгара алышат?

Visa Gold Instant картасын Кыргыз Республикасынын резиденти болгон, MBANK кардары жана толук идентификациядан өткөн жеке адамдар чыгара алышат.

Карта чыгаруу мүмкүн, эгерде кардарда:

  • Visa виртуалдык карта гана болуп, физикалык карта жок болсо

Кайра чыгаруу мүмкүн, эгерде:

  • кардарда Visa Classic, Visa Gold Instant же Visa Gold (сом менен) картасы болсо
  • картанын мөөнөтү бүтсө же бүтүшүнө 30 күндөн аз убакыт калса

*Картомат аркылуу кайра чыгаруу карта жоголгон же уурдалган учурда, ошондой эле эмгек акы долбоорунун катышуучулары үчүн жеткиликтүү эмес.

Visa Gold Instant картасы тууралуу

Карта сом валютасында чыгарылат, колдонуу мөөнөтү — 3 жыл. Биринчи жылдык тейлөө акысыз, кийинки жылдары — 500 сом.

Негизги артыкчылыктары:

  • MBANK мобилдик колдонмосуна туташат
  • контактсыз төлөм бар
  • интернет аркылуу төлөм жүргүзсө болот
  • дароо активдештирилет

MBANK картоматтарынын жайгашкан жерлери

Картоматтар өлкөнүн негизги шаарларында жеткиликтүү:

  • Бишкек ш., Ибраимов көч., 115/3 — «Дордой Плаза» соода түйүнү
  • Бишкек ш., Юнусалиев көч., 40 — «Космопарк» соода түйүнү
  • Бишкек ш., Ч. Айтматов пр., 3 — «Азия Молл» соода түйүнү
  • Манас ш., Т. Байзаков пр., 34
  • Талас ш., Оторбаев көч., 212 — «Талас Сити»
  • Ош ш., А. Шакиров көч., 275/1 — «Нурзаман» соода түйүнү
  • Каракол ш., Токтогул көч., 261
  • Токмок ш., Ленин көч., 342 — «Глобус»

Санарип кызматтар — келечектин стандарты

Visa Gold карталарын картомат аркылуу дароо чыгаруунун ишке кириши — MBANKтын санарип экосистемасын өнүктүрүүдөгү жана кардарлар үчүн кызмат көрсөтүүнү жакшыртуудагы дагы бир маанилүү кадамы.

MBANK — Биринчи санарип!

КРУБ №014 лицензиясы