Башкы бет
Жеке жактар
Жаңылыктар
MBANK REIT-фонддорго инвестициялоону баштады — АКШнын кыймылсыз мүлкү эми онлайн жеткиликтүү
MBANK REIT-фонддорго инвестициялоону баштады — АКШнын кыймылсыз мүлкү эми онлайн жеткиликтүү

MBANK өз кардарлары үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү улантууда. MINVEST колдонмосунда жаңы курал — REIT-фонддор жеткиликтүү болду. Алар АКШнын кыймылсыз мүлкүнө объекттерди түздөн-түз сатып албастан, онлайн инвестициялоого мүмкүнчүлүк берет.
REIT (Real Estate Investment Trust) — бул соода борборлорун, кеңселерге, турак жай комплекстерине, кампаларга жана башка коммерциялык кыймылсыз мүлкттөргө ээлик кылып, башкарып турган компаниялар. REIT-фонддорго инвестиция салуу менен кардар кыймылсыз мүлктүн диверсификацияланган портфелинин биргелешкен ээси болуп калат.
АКШнын кыймылсыз мүлкү — кыынчылыктарсыз жана ири салымдарсыз
Мурда чет өлкөдөгү кыймылсыз мүлккө инвестиция салуу кирүү босогосунун жогору болушу, юридикалык кыйынчылыктар жана объекттерди башкаруу зарылдыгынан улам аз сандагы инвесторлорго гана жеткиликтүү болчу. REIT-фонддор бул көйгөйдү жокко чыгарат.
MINVEST аркылуу MBANKтын кардарлары төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат:
- АКШнын кыймылсыз мүлкүнө түздөн-түз смартфон аркылуу онлайн инвестициялоо;
- дробный акцияларды сатып алуу аркылуу аз сумма менен баштоо;
- ар түрдүү стратегиядагы жана кирешелүүлүк деңгээлиндеги фонддорду тандоо;
- көрсөткүчтөрдү өз алдынча талдап, инвестициялык чечимдерди кабыл алуу.
REIT-фонддорго кантип инвестиция салуу керек
Инвестициялоо процесси мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүлгөн жана бир нече эле кадамдан турат:
- MINVEST колдонмосун App Store же Google Play’ден жүктөп алыңыз.
- Ыкчам каттоодон өтүңүз.
- Брокердик эсебиңизди MBANK аркылуу комиссиясыз жана дароо толуктаңыз.
- «Рынок» бөлүмүнө өтүп, REIT-фонддор топтомун ачыңыз.
- Каалаган фондду тандап, анын сүрөттөмөсү жана көрсөткүчтөрү менен таанышыңыз.
- «Сатып алуу» баскычын басып, сумманы көрсөтүңүз (дробный акцияларды сатып алууга болот).
- Ордер жайгаштырыңыз — рынок ачык болсо, бүтүм дароо аткарылат.
Диверсификация жана пассивдүү киреше үчүн жаңы инструмент
REIT-фонддор жаңы баштаган инвесторлорго да, узак мөөнөттүү инвестициялык портфел түзүп жаткан тажрыйбалуу инвесторлорго да ылайыктуу. Бул инструмент салымдарды диверсификациялоого, бир рынокко болгон көз карандылыкты азайтууга жана эл аралык активдерге жетүү мүмкүнчүлүгүн берет.
REIT-фонддордун ишке кириши — MBANKтын санариптик инвестициялык чечимдерди өнүктүрүүдөгү жана кардарлардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдөгү дагы бир кадамы.
MBANKтан MINVEST — дүйнөлүк рынокторго жөнөкөй, ачык жана онлайн инвестициялаңыз.