MBANK «Миллионго нөл пайыз» акциясын баштады — MKassaнын жаңы кардарларына 1 000 000 сомго чейин төлөм кабыл алууга 0% комиссия!

15 Бугу 2025

MBANK ишкерлер үчүн пайдалуу шарттарды сунуштайт.
2025-жылдын 15-майынан 31-августуна чейин MKassaга жаңы кошулган кардарлар уникалдуу шарттарга ээ болушмакчы — карталар жана QR-код аркылуу төлөм кабыл алууга 0% комиссия. Бул — бизнесиңиз үчүн заманбап чечимди колдоно баштоого эң ылайыктуу учур!


MKassaга кошулуу үчүн өтүнмөнү азыр калтырыңыз!

«Миллионго нөл пайыз» акциясында катышуучулар төмөнкү артыкчылыктарга ээ болушат:

  • Карталар жана QR-код аркылуу төлөм кабыл алууга 0% комиссия*
  • POS-терминал акысыз — сатып алуу жана жеткирүү акы алынбайт
  • ККМ акысыз — автоматтык түрдө фискалдаштыруу, кошумча чыгымдарсыз
  • MBANK аркылуу каражаттарды 24/7 акысыз которуу
    *Жеке ишкерлер жана ЖЧК үчүн накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алууда — 3 ай ичинде же 1 000 000 сомго чейинки жүгүртүүдө

MKassa — ишкерлер үчүн универсалдуу чечим.
Банктык карталар жана QR-коддор аркылуу төлөмдөрдү кабыл алыңыз, соода түйүндөрүн жана кассирлерди башкарыңыз, онлайн отчетторду алыңыз жана бизнесиңизди каалаган убакта, каалаган жерден көзөмөлдөңүз.


MKassa — Сиздин бизнес толук көзөмөлдө: каалаган түзмөктөн, жөнөкөй жана ачык-айкын.

Кардар карта колдонбосо да алыстан төлөм кабыл алыңыз — кардар үчүн ыңгайлуу жана каалаган жерде.

Катышуу шарттары:

  • Акция 2025-жылдын 15-майынан 31-августуна чейин күчүндө.
  • Акцияга ушул мөөнөттүн ичинде MKassaга катталган бардык юридикалык жактар жана жеке ишкерлер катыша алышат.
  • Катышуу үчүн кошулуу өтүнмөсун калтыруу жетиштүү — андан соң, автоматтык түрдө катышуучу болосуз.

MBANKтан Mkassaнын жаңы кардарлары үчүн “Миллионго нөл пайыз”акциясынын эрежелери тууралуу кенен маалымат


https://mbank.kg/ky/mkassa
9933 — Megacom, Beeline, O! үчүн акысыз чалуу

MBANK — Биринчи санарип!

 


КР УБ №014 лицензиясы