MBANK Junior
MJunior Fest'те Амирчиктин акысыз концерти!
Катышуу акысыз жана MJunior'дун колдонуучулары үчүн гана

Карта ачуу жана чыгаруу
Баары бир MBANK колдонмосунда
Баланын акча которууларын башкаруу
Балдар үчүн MBANK колдонмосу
Ата-эненин көзөмөлүндө сарптоону үйрөнөбүз

Баланын чыгымдарын көзөмөлдөп, операцияга чектөө коюу мүмкүнчүлүгү
Картанын дизайнын тандоо мүмкүнчүлүгү жана ата-эненин профили аркылуу картаны чыгарууга арыз берүү
Бала өзүнүн тиркемеси аркылуу төлөй ала турган кызматтардын тизмеси
Баланын милдеттери

Каржылык сабаттуулукту үйрөнөбүз
MBANK’тагы тапшырмалар тутуму балага эмгектин, сыйлыктын жана жоопкерчиликтин маанисин түшүнүүгө жардам берет. Бул – каржылык сабаттуулукту өнүктүрүүнүн жөнөкөй жана түшүнүктүү жолу
Ата-эне тапшырма коёт — балдар аны өзүнүн MBANK жеке кабинетинде көрүшөт
Бала тапшырманы аткарып, жоопкерчиликти үйрөнөт
Эмгек үчүн — татыктуу сыйлык. Каржылык сабаттуулукка алгачкы кадам
Балдар кыялдарына каражат топтошот!
Балаңыз үчүн копилка
Бала максатын тандап, аны өзүнүн MBANK'ында топтойт

Пландоону үйрөнөбүз
Керектүү сумма чогулганда — копилкасын ачып, кыялын ишке ашырсын. Пландоону жана максатка жетүүнү үйрөн!

Балдар картасын кантип алса болот?
Тарифтер
Балаңызды чыгымдарын көзөмөлдөөгө, үнөмдөөгө жана акчаны башкарууга үйрөтүңүз
MBANK - чоңдор жана балдар үчүн ыңгайлуу
Балага чыгымдарын көзөмөлдөөгө, акчаны үнөмдөөгө жана башкарууга үйрөтөт

Камераңыз менен QR кодун сканерлеп, MBANK колдонмосун жүктөп алыңыз

Cуроолор жана жооптор
Балага MBANK тиркемесин кантип ачуу керек?
Башкы беттен «MBANK Junior» бөлүмүнө өтүңүз.
«Баланы кошуу» баскычын басыңыз.
Ата-эне баланын жеке маалыматтарын киргизип, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сүрөтүн тиркеши керек.
Балага келген SMS кодун киргизиңиз.
Каттоо ийгиликтүү аяктады.
Андан кийин ата-эне төмөнкүлөрдү жасайт:
Баланын телефонуна MBANK тиркемесин жүктөйт.
Телефон номерин киргизип, сырсөз ойлоп табат.
Ата-эненин телефонуна кирүүнү ырастоо үчүн PUSH-билдирүү келет.
Процесс аяктады.
Балага картаны кантип заказ кылса болот?
MBANK колдонмосунун башкы бетинде «Картага заказ берүү» бөлүмүн тандаңыз.
«MBANK Junior» опциясын басыңыз.
Эгер бала MBANK’та буга чейин катталган болсо — картанын дизайнын тандаңыз.
Тарифтер менен таанышып чыгып, «Заказать» баскычын басыңыз.
Мындан тышкары, сиз картаны онлайн заказ берип, андан кийин өлкө боюнча каалаган картоматтан өз алдынча алып кете аласыз.
Бул үчүн «Картага заказ берүү» бөлүмүндө «MBANK Junior Instant» тандаңыз.
Жакын же ыңгайлуу картоматты тандаңыз.
Картаны картомат аркылуу ачууда экрандагы кадамдык көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.
Картаны заказ берүү үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү талап кылынат.
Картаны заказ берүү үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат.
Ата-эне менен баланын MBANK тиркемесинин ичиндеги функцияларынын айырмачылыктары?
MBANK балдар үчүн — бул колдонмонун жөнөкөйлөтүлгөн версиясы:
Балансын көрүү, толуктоо жана сатып алуулар үчүн төлөө.
Балдар үчүн топтогуч жана ата-энеден берилүүчү тапшырмалар менен сыйлыктар.
Кредиттер, бөлүп төлөө жана башка «чоңдорго» арналган продукттар жок.
Бала үчүн керектүү гана функциялар, ата-эне тарабынан көзөмөлдөнөт.
Балдар үчүн MBANK — бул каржылык сабаттуулуктун алгачкы коопсуз кадамдары.
Балдар картасы менен кандай төлөмдөрдү жүргүзө алабыз?
MBANK Junior - толук кандуу дебеттик карта. Балдар аны менен сатып алууларды жана кызматтарга жазылууларды төлөй алышат. MBANK тиркемесинде мобилдик байланыш үчүн төлөмдөр жана досторго акча которуулар жеткиликтүү. Накталай акчаны каалаган банкоматтан алсаңыз болот. Ата-энелер балдардын чыгымдарын көзөмөлдөө менен лимит коё алышат
Баланын сарптоолорун ата-эне кантип көрө алат?
Бала MBANK тиркемесине катталгандан кийин, ата-эненин жеке кабинети болот жана ал жерде баланын чыгымдарын көзөмөлдөй алат.
Мошенниктер баланын картасын колдоно алабы?
Буга жол бербөө үчүн биз бир катар чараларды көрдүк. Мисалы, накталай акча алуу, которуу жана төлөөдө лимит коюп койсоңуз болот. Эгер карта жоголсо, аны дароо бөгөттөп, тиркеме аркылуу кайра чыгарууга буйрутма берүүгө болот

