Башкы бет
Жеке жактар
Жаңылыктар
«Бактылуулук иште» аттуу эң абройлуу эл аралык сынакта MBANK — кызматкерлер үчүн мыкты шарт түзгөн банк деп таанылды
«Бактылуулук иште» аттуу эң абройлуу эл аралык сынакта MBANK — кызматкерлер үчүн мыкты шарт түзгөн банк деп таанылды

MBANK 2026-жылдын 30-январында Ташкент шаарындагы IT Park Uzbekistan конгресс-борборунда өткөн «Бактылуулук иште» эл аралык «Жандуу компаниялар» сынагында жеңишке жетишти. Бул иш-чарага Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүнөн мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, бизнес чөйрөсү, эл аралык эксперттер жана жаш адистер катышты.
Форумдун алкагында эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү сыйланып, анда MBANK командасы корпоративдик маданиятты өнүктүрүүдө жана кадрларды башкарууда жогорку деңгээлди көрсөттү.
«Бактылуулук иште» сынагы кызматкерлер менен иштөөдөгү жана корпоративдик чөйрөнү өнүктүрүүдөгү мыкты тажрыйбаларды аныктоого багытталган. Өзгөчө көңүл кызматкерлердин катышуусуна, компаниянын баалуулуктарына жана туруктуу башкаруу чечимдерине бурулат. Бул сынакка катышуу компанияларга социалдык жоопкерчиликтүү иш берүүчү катары өз жетишкендиктерин таанытууга мүмкүнчүлүк берет.
Сынак бир нече этаптан турат: арыздарды кабыл алуу, кызматкерлер арасында жашыруун сурамжылоо жүргүзүү ( «Бакыт индекси»), долбоорлорду калыстар тобуна коргоо жана финалдык чыгыштар. Жеңүүчүлөр комплекстүү баалоо жана форум катышуучуларынын добуш берүүсү аркылуу аныкталат.
Кыргызстандын өкүлүнүн жеңиши — бул жергиликтүү компаниялар заманбап башкаруу ыкмаларын ийгиликтүү колдонуп, эл аралык деңгээлде атаандаша аларын тастыктаган маанилүү далил болду.
«Жандуу компаниялар» сынагынын «Бактылуулук иште» номинациясында MBANK материалдык жана материалдык эмес мотивация, корпоративдик маданият жана кызматкерлердин катышуусун арттыруу боюнча ишке ашырылган кейстери үчүн өзгөчө белгиленди.
Ошондой эле банктын өкүлү Кайыргүл Огонбаева HR-лидерлер арасындагы сынакта жеңүүчү болуп, International Competition Winner эл аралык сыйлыгына ээ болду. Мындан тышкары, MBANK кызматкерлерди башкаруудагы натыйжалуу практикалары үчүн «Эң мыкты HR башкаруучу (The Best HRD)» категориясында да таанылды.
MBANK башкармалыгынын мүчөсү, HR-директору Кайыргүл Огонбаева мындай деди:
«Бул биз үчүн жөн гана сыйлык эмес, туура багытта баратканыбыздын далили. Биз кызматкерлер өз ишинин баалуулугун сезген, өнүгүп, жогорку натыйжаларга жетише алган маданиятты түзүп жатабыз. Дал ушул адамдар MBANKтын ийгилигинин негизги кыймылдаткычы болуп саналат, жана биз алардын өнүгүүсүнө жана жыргалчылыгына мындан ары да инвестиция кылабыз».
MBANK кызматкерлерге багытталган корпоративдик маданиятты өнүктүрүүнү улантып, кесиптик өсүш жана жогорку натыйжаларга жетишүү үчүн ыңгайлуу жана шыктандыруучу чөйрөнү түзүүдө.
MBANK - биринчи санарип! Кыргызстанда жасалган!
КР УБ лцензиясы № 014