MBANK Кыргызстандагы эң мыкты мобилдик тиркеме деп таанылды!

MBANK Кыргызстандагы эң мыкты мобилдик тиркеме деп таанылды!
Economist.kg сайтынын журналисттери Google Play жана AppStore'дон алынган маалыматтарды талдап, Кыргызстандагы эң мыкты мобилдик тиркемелерди түзүштү.
Журналисттер эки маркетплейстерден тең эң мыкты 200 акысыз тиркемелердин рейтингин алып, өздөрүнүн баллдык системасын түзүштү: тиркемелердин жалпы санынан (жалпысынан 400), эки тизмеде тең кыргызстандык тиркемелери ээлеген позицияларды алып салуу менен.
Google Play жана AppStore кызматтардын сапаты, жүктөөлөрдүн саны, колдонуучулардын койгон рейтинги жана сын-пикирлери боюнча баалай турганын эске алыңыз.
Биринчи орунду биздин MBANK тиркемеси ээлеп, 394 упайга ээ болду (AppStore'до 1-орун жана Google Play'де 5-орун). Android колдонуучулары мобилдик банкингди 3 миллиондон ашуун жолу жүктөп алышкан.
Экинчи жана үчүнчү орундарды Tunduk мамлекеттик электрондук кызматтары жана Lalafo жарнамаларды жайгаштыруу платформасы бөлүштү.
*2023-жылдын 15-мартындагы маалыматтар.