Башкы бет
Жеке жактар
Жаңылыктар
MBANK Борбор Азиядагы чакан жана орто бизнес үчүн эң мыкты банк деп табылды
MBANK Борбор Азиядагы чакан жана орто бизнес үчүн эң мыкты банк деп табылды

MBANK Борбор Азиядагы чакан жана орто бизнес үчүн эң мыкты банк деп табылды. SME Banking Agency тарабынан түзүлгөн TOP20 SME Banks 2026 рейтингинде банк аймактагы 70 банктын ичинен биринчи орунду ээледи.
MBANK TOP20 SME Banks 2026 рейтингинин жыйынтыгы боюнча Борбор Азиядагы 70 банктын арасында биринчи орунга чыкты. Банк 1 996 упай топтоп, рейтингдеги эң жогорку жалпы көрсөткүчкө жетишти. Натыйжада Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана аймактагы башка өлкөлөрдүн банктарын артта калтырды.
SME Banking Agency уюмунун эксперттери банктардын ишмердүүлүгүн беш багыт боюнча баалашты: Business Banking, Digital Banking, Daily Banking & Liabilities, Financing жана Sustainability & Inclusion. MBANK бардык беш багыт боюнча жогорку баага ээ болду. Дал ушул бизнес үчүн түзүлгөн экосистеманы комплекстүү өнүктүрүү банкка биринчи орунду камсыз кылды.
MBANK санарип банкингди активдүү өнүктүрүүдө. Ишкерлер банктын MBusiness колдонмосу аркылуу бизнес каржыларын онлайн башкара алышат. Бул колдонмо күнүмдүк операцияларды жүргүзүүгө жана бизнести башкарууга керектүү негизги куралдарды бириктирет.
Банк ошондой эле чакан жана орто бизнес үчүн каржылоонун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүдө жана Sustainability & Inclusion багытын өнүктүрүп келет. Анын алкагында жашыл каржылоо, аялдардын ишкердигин колдоо жана бизнестин каржылык мүмкүнчүлүктөргө жетүүсүн кеңейтүүгө багытталган демилгелер ишке ашырылууда.
Маалымат үчүн:
TOP20 SME Banks 2026 рейтинги SME Banking Club коомчулугунун негизинде түзүлгөн SME Banking Agency тарабынан даярдалган. Бүгүнкү күндө бул коомчулукка Кыргызстанды кошкондо 6 өлкөдөн 20дан ашык банк мүчө. 2022-жылдан бери агенттик маалыматтык-аналитикалык борбор катары банктардын маалыматтарын талдап, заманбап технологияларды киргизүүгө көмөктөшүп келет.
Аймактык рейтингде биринчи орунду ээлөө — MBANK ишкерлер үчүн комплекстүү жана ыңгайлуу кызматтарды түзүп жаткандыгынын дагы бир далили. Региондогу эң мыкты деп таанылган MBusiness платформасы менен бизнесиңизди өнүктүрүңүз!
MBANK — биринчи санарип. Кыргызстанда түзүлгөн.
КР УБнын №014 лицензиясы.