MBANK Global Money Week 2026 алкагында өтүп жаткан Ош шаарындагы финансылык жарманкени колдоду

6 Чын куран 2026

MBANK 2-апрелде Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинде өткөн ири финансылык жарманкеге активдүү катышты. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан уюштурулуп, жыл сайын өтүүчү Global Money Week 2026 дүйнөлүк акча жумалыгына арналды.

Масштаб жана катышуучулар

Жарманкеге 600дөн ашык адам катышты. Алардын арасында жогорку окуу жайлардын студенттери жана окутуучулары, мектеп окуучулары, ошондой эле түштүк борбордун тургундары жана коноктору болду. Иш-чарага өлкөнүн негизги финансылык институттары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, Депозиттерди коргоо агенттиги жана ЕККУнун программалык кеңсеси да катышты.

MBANKтан интерактив жана окутуу

Программанын алкагында MBANK адистери бир катар консультацияларды өткөрүп, конокторго заманбап банктык технологияларды түшүнүүгө жардам беришти.

Банкта белгилешкендей, Global Money Week 2026га катышуу — бул MBANK үчүн келечек муунга жасалган маанилүү инвестиция. Банк финансылык технологиялар ар бир кыргызстандыкка, айрыкча мектеп жашынан тартып, түшүнүктүү жана жеткиликтүү болушун көздөйт.

Белектер жана сыйлыктар

Окуу процессин кызыктуураак кылуу максатында MBANK интерактивдүү зона уюштурду. Финансылык викториналарда жана сынактарда активдүүлүгүн көрсөткөн катышуучулар атайын белектерге жана бренддик сувенирлерге ээ болушту.

Иш-чаралар уланууда

MBANKтын Ош шаарындагы активдүүлүгү муну менен эле чектелген жок. Кийинки күнү MJunior командасы мектептерде балдар үчүн интерактивдүү окутуу өткөрдү.

Мындай демилгелерге катышуу MBANKтын социалдык жоопкерчилик принциптерине берилгендигин жана Кыргыз Республикасынын жарандарын финансылык сабаттуулукка үйрөтүүдөгү активдүү позициясын дагы бир жолу тастыктайт.

MBANK — биринчи санариптик банк!