MBANK MBUSINESS DAY: Бизнес — бул бирдиктүү процесс. Жаңы муун экосистемасы

Технопаркта MBANK жана Asia Mall менен биргеликте уюштурулган MBUSINESS DAY иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чарада банк ишкерлер үчүн өзүнүн экосистемасын тааныштырды. MBANK өкүлдөрү бул жөн гана өзүнчө кызматтардын жыйындысы эмес, тескерисинче, Кыргызстандагы бизнес өсүшүнө ишенимдүү пайдубал боло турган өз ара байланышы бар системалар жыйындысы экенин белгилешти.
MBANK: Бизнес үчүн санариптик чөйрө
MBANK толук кандуу санариптик чөйрөнү түзүүнү улантууда. Бул жерде ишкерлер бизнести каттоодон баштап масштабдуу өнүгүүгө чейинки бардык процесстерди бирдиктүү онлайн-мейкиндигинен башкара алышат. Экосистеманын негизги элементтери:
- MBusiness — жеке ишкерлик үчүн бардык керектүү куралдарды бириктирген тиркеме: ГНСке онлайн каттоо, пайдалуу онлайн-депозиттер, тез SWIFT которуулар, валюта алмашуу жана башкалар. MBusiness эл аралык SME Banking Club тарабынан Кыргызстандагы мыкты бизнес интернет-банкы деп табылган.
- MKassa — Кыргызстандагы QR-төлөмдөрдүн лидери. Жеке ишкерлик жана ЖЧК үчүн төлөм кабыл алууда 0% комиссия, акысыз ККМ, эсеп-кысаптык тейлөөгө ыңгайлуу интеграция сунуштайт.
- M+ — Төлөмдү бөлүп төлөө кызматы: кардарлар товарларды бөлүп төлөп алышат, ал эми бизнес акчаны дароо алат. Кеңири кардарлар тармагы сатууну көбөйтүүнүн натыйжалуу куралы болуп эсептелет.
- Market — 60 миңден ашуун товар сунушталган маркетплейс. Колдонуучулар колдонмо аркылуу товарларды ыңгайлуу түрдө бөлүп төлөө менен сатып алып, тез жеткирүү, кепилдик жана кошумча төлөмсүз кайтаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
- MBonus — QR аркылуу төлөм жүргүзгөн учурда кешбэк тартуулаган лоялдуулук программасы. Жыйналган бонустарды кийинки сатып алууларга колдонууга болот. Программадагы деңгээлиңиз көтөрүлгөн сайын жаңы бонус мүмкүнчүлүктөрү ачылат.
Реалдуу мисал: "Шоро" MKassaнын артыкчылыктарын баалады
Иш-чарада "Шоро" компаниясынын өкүлү өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, MKassa жана QR-төлөмдөрдү киргизүү сатууларды көзөмөлдөөнү жана анализдөөнү бир топ жеңилдеткенин айтты. Бардык төлөмдөр автоматтык түрдө катталып, кол менен эсеп жүргүзүү жоюлган, ал эми ички системалар менен интеграция да жеңилдеген.
Экосистема иш жүзүндө: Бизнес үчүн ыңгайлуулук жана пайдалуулук
MBANKтын бардык кызматтары өзүнчө иштебестен, бири-бири менен байланышкан. Бул синергия ишкерлерге өз иштерин бирдиктүү, так механизм катары жүргүзүүгө шарт түзөт. Жеке ишкерликти MBusiness аркылуу онлайн каттоодон өткөрүп, MKassa менен төлөмдөрдү комиссиясыз кабыл алып, Marketтеги M+ аркылуу сатууларды көбөйтүп, кардарларды MBonus менен мотивациялоо — мунун баары MBANKтын бирдиктүү санариптик чөйрөсүндө.
Иш-чарада Asia Mall жетекчилиги да чыгып сүйлөп, соода борборунун өнүгүүсү, азыркы жетишкендиктери жана келечек пландары тууралуу айтып беришти.
MBANK — жөн гана банк эмес, ар кандай экономикалык шарттарда да бизнес үчүн ишенимдүү санариптик өнөктөш болууга умтулат, ошондой эле өсүү жана өнүгүү үчүн керектүү бардык куралдарды камсыз кылууну улантмакчы.
MBANK — Биринчи санарип!
КР УБ №014 лицензиясы