Башкы бет
Жеке жактар
Жаңылыктар
MBANK Mastercard World Elite картасы «Яндекс Go» кызматындагы 4 сапардын ар бири үчүн 450 сомго чейин төлөп берет
MBANK Mastercard World Elite картасы «Яндекс Go» кызматындагы 4 сапардын ар бири үчүн 450 сомго чейин төлөп берет

MBANK Mastercard World Elite картасы «Яндекс Go» кызматындагы ар бир сапар үчүн 450 сомго чейин, айына 4 сапарга чейин төлөп берет. Mastercard жана MBANK тарабынан берилген кошумча артыкчылык менен шаар ичинде ыңгайлуу жүрүңүз.
MBANK’тын Mastercard премиум карталары менен күнүмдүк жашоого арналган пайдалуу сунуштар дагы көбөйүүдө.
Шарттары:
- карта ар бир сапар үчүн 450 сомго чейин, айына 4 сапарга чейин төлөп берет;
- сунуш «Комфорт» тарифинен баштап, андан жогорку такси класстарына жарактуу. «Эконом» тарифине жараксыз;
- артыкчылыктан Кыргызстанда пайдаланууга болот.
Кантип пайдаланса болот:
- MBANK Mastercard World Elite картасын «Яндекс Go» кызматына байланыштырыңыз.
- «Комфорт» же андан жогорку тарифти тандап, сапарга буйрутма бериңиз.
- Акысыз сапардан пайдалануу үчүн «Яндекс Go» колдонмосунда төлөм ыкмасы катары MBANK Mastercard World Elite картасын тандаңыз.
- Арзандатуу автоматтык түрдө колдонулат.
«Яндекс Go» кызматында MBANK Mastercard премиум картасы менен сапарга буйрутма берип, ай сайын кошумча артыкчылыктардан пайдаланыңыз.
Акция 2026-жылдын 28-сентябрынан 31-декабрына чейин жарактуу.
Премиум картаны колдоно элексизби? MBANK Mastercard World Elite картасын ачып, артыкчылыктардан ушул айдан тартып пайдалана баштаңыз.
Арзандатууларды берүү шарттары жана эсептөө тартиби өнөктөш тарабынан аныкталат. Банк арзандатууларды эсептөөгө жана берүүгө катышпайт.
MBANK — биринчи санарип! Кыргызстандын өнүмү!
КРУБ №014 лицензиясы.