ky
image
Жеке жактарга
Бизнеске
MIslamic
MAcademy
image
ky

Жылдык 10% менен техникага, түшүмгө жана кайра иштетүү үчүн - MBANK'тан агрокредит

23 Теке 2026

Айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн чарбасын өнүктүрүүгө, техника сатып алууга жана сезондук чыгымдарды жабууга жеткиликтүү каржылоо табуу көп учурда оңой эмес. Жогору пайыздык чендер каржылык жүктү көбөйтүп, өнүгүүгө тоскоол болот.

MBANK бул үчүн пайдалуу чечим сунуштайт — «Кошумча нарк чынжырларын агрокаржылоо» программасынын алкагында жылдык болгону 10% менен агрокредит.

Бул программа айыл чарба өнүмүн өстүрүүдөн тартып аны кайра иштетүүгө жана сатууга чейинки кошумча нарк чынжырынын катышуучулары үчүн иштелип чыккан. Мисалы, фермер картошка өстүрүп, ал кийин чипсы өндүрүүгө жөнөтүлөт же сүт өндүрүп, андан сүт азыктары жасалат.

Каражаттарды өндүрүштүн бардык баскычтарына жумшоого болот: жер, техника жана жабдуу сатып алуудан тартып сактоо, кайра иштетүү жана сатууга чейин. Ошондой эле үрөн, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу материалдар сыяктуу айланма каражаттарды толуктоого пайдаланууга болот.

Программанын шарттары:

  • Жылдык чен — 10%;
  • Суммасы — 12 млн сомго чейин;
  • Мөөнөтү — инвестициялык максаттар үчүн 5 жылга чейин, айлантуудагы каражаттар үчүн 2 жылга чейин;
  • Өндүрүштүн толук циклин каржылоо — жер жана техника сатып алуудан баштап өнүмдү сактоо, кайра иштетүү жана сатууга чейин;
  • Сезондук чыгымдарды жабуу үчүн айлантуудагы каражаттарды толуктоо.

Агрокредитти кантип алса болот?

Каржылоону алуу үчүн бир нече жөнөкөй кадам жетиштүү:

  • Кошумча нарк чынжырынын катышуучусу экениңизди ырастаңыз — эгер айыл чарба өнүмүн кайра иштетип, сактоо же сатуу үчүн өстүрүп жатсаңыз;
  • MBANK'тын жакынкы бөлүмүндө өтүнмө калтырыңыз;
  • Керектүү документтерди бериңиз;
  • Чарбаңызды өнүктүрүү үчүн каржылоону алыңыз.

MBANK'тын агрокредити — өндүрүштү кеңейтүүнү, техниканы жаңылоону же сезондук чыгымдарды ашыкча каржылык кыйынчылыгысыз жабууну каалагандар үчүн жеткиликтүү каржылоо.

ЭПЧ 10,70%дан.

MBANK — биринчи санарип. Кыргызстанда түзүлгөн!

КР УБнын №014 лицензиясы.