ky
image
Жеке жактарга
Бизнеске
MIslamic
MAcademy
image
ky

MBANK колдонмосунан түз байланыш борборуна чалыңыз

7 Тогуздун айы 2026

Банк кызматтары боюнча суроо жаралганда, адистен тез жардам алуу маанилүү. MBANK кардарларына байланыш борборунун номерин издөөнүн, колдонмодон чыгуунун же кошумча аракеттерге убакыт коротуунун кереги жок. Адиске түз эле MBANK мобилдик колдонмосунан чалсаңыз болот.

Байланыш борборуна кантип чалса болот

«Онлайн-чалуу» функциясы MBANK колдонмосунун башкы экранында жеткиликтүү. Адис менен байланышуу үчүн:

  1. MBANK колдонмосун ачыңыз.

  2. Башкы экрандын жогорку оң бурчунан телефон белгисин табыңыз.

  3. Аны басыңыз, андан кийин дароо байланыш борборуна чалсаңыз болот.

Чалуу учурунда кызыктырган суроолоруңузду берип, адистен кеңеш ала аласыз.

Мындай формат суроону тез чечип, колдонмонун көнүмүш интерфейсинен чыкпай туруп адистен кеңеш алуу зарыл болгон учурда өзгөчө ыңгайлуу.

MBANK — биринчи санарип!

КРУБ №014 лицензиясы