Кезектерди унутуңуз: MBANK’тан Кыргызстандагы биринчи санарип ипотека

3 Чын куран 2026

Өз үйүңүздү сатып алуу көп учурда толтура маалымкат чогултуу жана ар кандай мекемелерге баруу менен байланыштуу. MBANK бул эрежени өзгөртөт — рынок үчүн уникалдуу өнүмдү, толугу менен санарип ипотеканы ишке киргизди. Эми лимитти текшерүүдөн баштап, арыз берүүгө чейин бардык процессти смартфонуңуз аркылуу өтсөңүз болот 

Негизги артыкчылыктар

Кыймылсыз мүлк сатып алууда негизги кыйынчылык — бюрократия. Биз бул маселени толугу менен чечтик:

Бардыгы бир баскычта — арыз берүү үчүн банк бөлүмүнө баруунун кереги жок
Маалыматты автоматтык чогултуу — банк «Түндүк» системасы менен өзү иштешет. Бардык керектүү маалымкаттарды биз өзүбүз чогултуп, төлөп беребиз
Ачык лимиттер — колдонмодо «Кредиттик потенциал» кызматы бар. Сиз алдын ала канча сумма бекитилиши мүмкүн экенин көрө аласыз

Бул убактысын баалаган жана бардык маселелерди смартфон аркылуу чечүүнү каалагандар үчүн идеалдуу чечим

Ипотеканы онлайн кантип алса болот

  1. MBANK колдонмосун ачып, «Кредиттер» бөлүмүнө кирип, «Ипотека» бөлүмүн тандаңыз
  2. Финансылык маалыматтарды киргизиңиз: айлык кирешеңизди көрсөтүп, эмне менен алектенгениңизди белгилеңиз
  3. Кредиттин мөөнөтүн, баштапкы төлөмдү жана сатып алуу аймагын белгилеңиз
  4. Эгер үй-бүлөлүү болсоңуз, жубайыңыз арызды өз колдонмосу аркылуу ырасташы керек
  5. Сатуучу тууралуу маалыматты киргизип, мүлк боюнча документтерди тиркеңиз
  6. Арызды жөнөтүп, банктын чечимин онлайн режимде күтүңүз

Эмне үчүн бул ыңгайлуу?

MBANK’тын санарип ипотекасы — бул жаңы деңгээлдеги ыңгайлуулук. Сиз идеалдуу үйдү тандайсыз, ал эми бардык кагаз иштерин биз өзүбүз жасайбыз. Эми өз батириңизге жол мамлекеттик мекемедеги кезектен эмес, телефонуңуздун экранынан башталат

Бүгүн эле ашыкча түйшүксүз үй ээси болуңуз!

MBANK — биринчи санарип
КР УБ №014 лицензиясы