ky
image
Жеке жактарга
Бизнеске
MIslamic
MAcademy
image
ky

«Көчмөндөрдүн Дүйнөлүк Ашканасы» Ысык-Көлдө: масштабдуу майрамдын башкы демөөрчүсү – MBANK

4 Аяк оона 2026

Кырчын капчыгайында жана Ысык-Көл облусунун дагы төрт аймагында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы эң жаркын майрамдардын бири башталды. «Көчмөндөрдүн Дүйнөлүк Ашканасы» гастрономиялык фестивалынын башкы демөөрчүсү – MBANK.

Быйыл программа Ысык-Көлдүн жээгиндеги беш жерде бир убакта өтүп жатат. Бир гана Кырчындын өзүндө 70тен ашык ресторан ачылып, ал эми бардык аянтчалардагы тамактануучу жайлардын жалпы саны 150дөн ашты.

Күн сайын аянтчаларга 200 миңге жакын адам келет. Эң маанилүүсү – этно шаарчалардын аймагына кирүү бардык коноктор үчүн акысыз.

Дасторкон 15 өлкөдөн келген 15 ашпозчуну бириктирди. Алар көчмөн элдердин миңдеген жылдардан бери муундан муунга өтүп келе жаткан салттуу рецепттери боюнча тамактарды даярдашууда.

Тамак-аштан тышкары, аянтчаларда этно базарлар да иштеп жатат. Ал жерде 15 өлкөдөн келген усталар кийизден, чийден жасалган буюмдарын жана колго жасалган зер буюмдарын көргөзмөгө коюшту. Бул көчмөндөрдүн маданиятынын бир бөлүгүн өзүңүз менен алып кетүүгө сонун мүмкүнчүлүк.

Коноктор тоолуу аймактардан банкомат же накталай акча издеп убакыт коротпошу үчүн, банк санарип чечимдерди даярдады. Дасторкондогу тамак-аш же базардагы сатып алуулар үчүн MPay аркылуу төлөөгө болот. Эң негизги өзгөчөлүгү – кызмат интернетсиз деле иштейт.

MBANK мындай иш-чараларды колдоо – улуттук тамырларга болгон берилгендигин көрсөтүүнүн бир жолу экенин белгилейт. Банк «Кыргызстандын өнүмү!» деген ураанын тастыктап, туристтер жана жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылат.

MBANK – биринчи санарип. Кыргызстандын өнүмү!
КР Улуттук банкынын лицензиясы №014.