MBANKтан Visa Infinite: эң алдыңкылар үчүн премиалдык карта

30 Үчтун айы 2026

Убакыт, ыңгайлуулук жана артыкчылыктар ийгиликтин жаңы валютасына айланган заманда, премиалдык каржылык инструменттер жөн гана банктык өнүм болбостон, жашоо образынын бир бөлүгүнө айланууда.
MBANKтан Visa Infinite — ар дайым биринчи болууга, эң жакшысын тандоого жана ар бир күндөн максимум алууга көнгөндөр үчүн карта.

Статусуңуз жана пайдаңыз үчүн иштеген карта

MBANKтан Visa Infinite каржылык артыкчылыктарды жана премиалдык кызматты айкалыштырат.
Карта ээлери:

  • Зер буюмдарга 7% кешбэк (MCC 5094)
  • Башка бардык сатып алууларга 3% кешбэк ала алышат

Жылына 24 000 сомго чейин кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү картаны ыңгайлуу гана эмес, каржылык жактан да пайдалуу кылат.

Кошумча артыкчылыктарга MBonus «Платина» премиал деңгээли кирет — ал Банктын өнөктөштөрүнөн атайын сунуштарга жана бонустарга жол ачат.

Саякаттагы максималдуу комфорт

Көп саякаттаган жана ыңгайлуулукту баалаган кардарлар үчүн MBANKтан Visa Infinite премиал кызматтардын толук топтомун сунуштайт:

  • Дүйнө жүзү боюнча Dragon Pass бизнес-залдарына жылына 7+4 (коноктук) кирүү
  • «Манас» аэропортунда багажды акысыз таңгактоо жана VIP-залга кирүү — жылына 6 жолуга чейин
  • Fast Track — коопсуздук көзөмөлүн кезексиз, чектөөсүз өтүү
  • Эл аралык роуминг үчүн 5 пакет по 3 ГБ
  • Саякат учурунда толук эл аралык камсыздандыруу
  • КР ичинде накталай акчаны комиссиясыз алуу, ал эми чет өлкөдө $1 000га чейин акысыз

MBANKтан Visa Infinite саякаттагы ыңгайлуулукту жаңы деңгээлге чыгарат — тез, ыңгайлуу жана ашыкча түйшүксүз.

24/7 жеке кызмат

Карта ээлерине 24/7 жеке консьерж-сервис, ошондой эле MBANK байланыш борборуна приоритеттүү чалуу жеткиликтүү.
Бул каалаган маселени тез жана күтүүсүз чечүүгө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, бош орун болгондо сейф ячейкаларын ижарага алууга 50% арзандатуу каралган.

Баасы жана тариздөө

Картанын жылдык тейлөө акысы — 15 000 сом.
Visa Infinite картасын MBANK колдонмосунда бир-эки баскыч менен буйрутма кылсаңыз болот, акысыз жеткирүү менен.

Картаны кантип тариздөө керек:

  1. MBANK колдонмосуна кириңиз
  2. «Карталарды буйрутма кылуу» бөлүмүн тандаңыз
  3. Visa Infinite картасын тандаңыз
  4. Маалыматтарды толтуруңуз
  5. Даяр!

MBANKтан Visa Infinite менен комфорт, статус жана пайда ар дайым жаныңызда.

MBANK — биринчи санарип!

КРУБ №014 лицензиясы