MBusiness: Кыргызстанда биринчи онлайн-эмгек акы долбоору ишке кирди

MBANK Кыргызстанда алгачкы жолу MBusiness веб-версиясында толук онлайн-эмгек акы долбоорун сунуштады.
Эми компаниялар кызматкерлердин эмгек акы эсептерин MBusiness аркылуу тез жана ашыкча аракеттерсиз башкара алышат, ал эми кызматкерлер MBANK аркылуу түздөн-түз эмгек акы долбооруна кошула алышат.
Баары бир кызматта
Компаниялар үчүн:
- Эмгек акы эсебин онлайн бир нече кадам менен ачуу
- Кызматкерлерди эмгек акы долбооруна кошуу
- Кызматкерлер тизмесин башкаруу (кошуу же алып салуу)
- Банктын иш убактысынан көз каранды болбой, каалаган убакта төлөм жүргүзүү
- Кызматкер эсеп номерин өзгөрткөндө, система автоматтык түрдө жаңыртып, билдирүү жөнөтөт
Кызматкерлер үчүн:
- MBANK мобилдик колдонмосу аркылуу кошулууну тастыктап, дароо долбоордун катышуучусу болуу
- Эки тараптуу кошулуу: кызматкер өзү ИНН киргизип, арыз жибере алат
- Онлайн кошулуу жана эмгек акыны кайсы картага алуу керектигин өзү тандоо
- Эсепти 24/7 өзгөртүү мүмкүнчүлүгү
- VISA картасын акысыз чыгаруу жана тейлөө
- Накталай акчаны комиссиясыз алуу
- Калдыкка жылдык 2% эсептелет
MBusiness аркылуу онлайн-эмгек акы долбоорунун ишке кириши өлкөдөгү финансы технологияларынын өнүгүшүндөгү маанилүү этап болуп эсептелет. Бул кызмат компанияларга заманбап иш форматына өтүүгө, чыгымдарды азайтууга жана процесстерди ачык кылууга жардам берет. Эми эмгек акыны башкаруу - бул көпкө созулган жумуш эмес, бир нече чыкылдатуу менен жеткиликтүү натыйжалуу процесс.
«Биз бул кызматты бизнес өкүлдөрүн кагаз иштеринен арылтуу үчүн түздүк. Эми эмгек акы долбоору толугу менен санарипке өттү: келишим түзүүдөн тартып каражаттарды которууга чейин. Бухгалтерлер жана ишкерлер төлөмдөрдү бир нече чыкылдатуу менен башкара алышат. Бул татаал процессти каалаган убакта жеткиликтүү тез ишке айлантат», - деди MBANK стратегиялык жана санариптик өнүгүү боюнча башкармалыгынын биринчи орун басары Марат Төралиев.
MBANK - биринчи санарип банк! Кыргызстанда жасалган!
КР УБ лицензиясы №014