MBusiness жана MBANK'тагы техникалык жаңыртуу: 31-июлдан 3-августка чейин

Биз банктын ички системаларын жаңыртып, жаңы техникалык платформага өтүп жатабыз. Бул жаңыртуу MBusiness, ошондой эле MBANK жана MIslamic кызматтарынын айрым функцияларына таасирин тийгизет. Иштер 31-июлдан 3-августка чейин пландуу жана этап-этабы менен жүргүзүлөт. Жаңыртуу аяктагандан кийин бардык кызматтар туруктуу жана кадимки режимде иштеши үчүн ар бир этапты кылдат көзөмөлдөп турабыз.
Көңүл буруңуз: 1-августтан 3-августка чейин Кыргызстандын бардык аймагындагы банктын бөлүмдөрү иш графигине ылайык тейлөө жүргүзөт.
Жаңыртуу учурунда дагы төлөм карталары, акча которуулар, төлөмдөр (анын ичинде QR аркылуу), MPay жана банкоматтар кадимки режимде иштей берет.
MBANK / MIslamic
30-июлдан тартып — башка кызматтарга караганда бир күн эрте — кредиттер, каржылоо, M+ жана «Адал» бөлүп төлөө кызматтары боюнча мөөнөтүнөн мурда жарым-жартылай жана толук төлөө, ошондой эле кредит алуу үчүн өтүнмө берүү убактылуу жеткиликсиз болот.
31-июлдан тартып төмөнкү кызматтар жеткиликсиз болот:
- Кредиттер/каржылоо/бөлүп төлөө боюнча пландуу төлөмдөр;
- MBANK колдонмосундагы «Кредиттер» жана «Бөлүп төлөө» бөлүмдөрү;
- M+ жана «Адал» аркылуу бөлүп төлөө менен төлөмдөр, анын ичинде MMarket, MTicket, MTravel жана MProfi кызматтарында;
- Жаңы аманаттарды ачуу жана аларды мөөнөтүнөн мурда жабуу (мөөнөтү бүткөндө жабуу, пайыздарды эсептөө жана аманатты толуктоо жеткиликтүү болот);
- «Мудараба» өнүмү боюнча бардык операциялар (пайда 10-августка чейин төлөнөт);
- SWIFT операциялары (31-июль саат 13:00дөн тартып);
- Төлөм карталарын чыгаруу жана кайра чыгаруу, анын ичинде картоматтар аркылуу;
- Эсептерди ачуу жана жабуу;
- Жаңы колдонуучуларды каттоо;
- Паспорттук маалыматтарды жана телефон номурун жаңыртуу.
Маанилүү: Эгер пландуу төлөм 1–4-августка туура келсе, аны 31-июлга чейин алдын ала төлөп коюңуз. Эгер бул ыңгайсыз болсо, кабатыр болбоңуз — техникалык жаңыртуу аяктагандан кийин 5-август саат 16:00гө чейин төлөсөңүз болот. Бул учурда кредиттик тарыхыңызга таасир этпейт жана туум эсептелбейт.
MBusiness
31-июлдан тартып техникалык жаңыртуу мезгилинде MBusiness колдонмосуна жана веб-версиясына кирүү убактылуу жеткиликсиз болот.
31-июль саат 16:00гө чейин төмөнкүлөрдү жасап коюуну сунуштайбыз:
- Маанилүү төлөмдөрдү, контрагенттерге которууларды жана кызматкерлердин эмгек акысын төлөө;
- Салыктарды төлөө;
- Керектүү көчүрмөлөрдү жана реквизиттерди сактап алуу;
- MBusiness колдонгон кызматкерлерге кызматтын убактылуу жеткиликсиз болору тууралуу алдын ала маалымдоо;
- Төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн колдонмодон статикалык QR-кодду басып чыгаруу;
- SWIFT которууларын жүргүзүү (саат 13:00гө чейин);
- Кредиттерди төлөө (саат 11:00гө чейин).
Маанилүү: Статикалык QR-код аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу кадимки режимде иштей берет. Бирок M+ жана «Адал» аркылуу бөлүп төлөө менен төлөмдөрдү кабыл алуу мүмкүн болбойт.
MKassa
POS-терминалдар жана QR-коддор аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу кадимки режимде иштей берет. MKassa колдонмосу жана анын веб-версиясы дагы иштеп турат — транзакциялардын тарыхын реалдуу убакыт режиминде көрө аласыз.
31-июлдан тартып убактылуу жеткиликсиз болот:
- Каражаттарды эсептерге которуу;
- Толук көчүрмөнү жүктөп алуу;
- Жеткиликтүү сумманы көрүү.
Техникалык жаңыртуу аяктагандан кийин MBANK, MIslamic, MBusiness жана MKassa кызматтарынын бардык функциялары толугу менен калыбына келтирилет. Бардык кызматтар кайрадан кадимки режимде иштей баштайт.
Ишенимиңиз үчүн рахмат!