Башкы бет
Жеке жактар
Жаңылыктар
MBANK аркылуу чет өлкөгө чыккандар үчүн камсыздандырууну кантип тариздөөгө болот?
Сапарды камсыздандыруу: MBANK аркылуу чет өлкөгө чыккандар үчүн камсыздандырууну кантип тариздөөгө болот?

Чет өлкөгө сапарга чыгардан мурун билет жана жашай турган жер тууралуу гана эмес, күтүлбөгөн чыгымдар тууралуу да ойлонуу маанилүү. Күтүүсүз оору, жаракат алуу, жүктүн жоголушу же каттамдын кармалышы пландарыңызды өзгөртүп, кошумча чыгымдарга алып келиши мүмкүн.
Чет өлкөгө чыккандарды камсыздандыруу мындай жагдайларда каржылык коргоого ээ болууга жардам берет. Камсыздандыруу полисин MBANK колдонмосу аркылуу, камсыздандыруу компаниясынын кеңсесине барбастан, онлайн тариздөөгө болот.
Чет өлкөгө чыккандарды камсыздандыруу эмнелерди камтыйт?
Тандалган тарифке жараша полис төмөнкү чыгымдарды камтышы мүмкүн:
- Шашылыш медициналык жардам;
- Медициналык эвакуация;
- Репатриация (мекенине кайтаруу).
Зарыл болгон учурда жүктү кошумча камсыздандырууга болот. Мисалы, жүк жоголгон, бузулган же кечигип жеткен учурларда. Ошондой эле каттамдын кармалышы же токтотулушу боюнча кошумча опциялар бар.
Эгер бир жолку сапарды пландап жатсаңыз, камсыздандырууну керектүү мөөнөткө тариздөөгө болот. Ал эми бир нече жолу саякаттагандар полистин шарттарына ылайык сапарлар учурунда күчүндө боло турган белгилүү бир мөөнөткө эсептелген камсыздандырууну тандай алышат.
Эмне үчүн чет өлкөгө чыкканда камсыздандырууну сапарга чейин тариздөө керек?
Чет өлкөдөгү медициналык жардамга жана башка күтүлбөгөн жагдайларга байланыштуу чыгымдар бир топ жогору болушу мүмкүн. Чет өлкөгө чыккандарды камсыздандыруу мындай учурларда каржылык коргоону алдын ала караштырып коюуга мүмкүндүк берет.
MBANK аркылуу камсыздандырууну кантип тариздөөгө болот?
MBANKта үч тариф жеткиликтүү: Стандарт, Голд жана Премиум. Алар камсыздандыруу камтуусунун көлөмү жана камтылган тобокелдиктердин тизмеси менен айырмаланат.
Чет өлкөгө чыккандарды камсыздандырууну толугу менен онлайн тариздөөгө болот:
- MBANK колдонмосун ачыңыз;
- «Кызматтар» бөлүмүнө кирип, «Камсыздандыруу» кызматын тандаңыз, андан соң «Чет өлкөгө чыккандарды камсыздандыруу» кызматын табыңыз;
- «Камсыздандырууну тариздөө» баскычын басып, шарттары менен таанышыңыз;
- Сапар тууралуу маалыматтарды жазыңыз: сапардын түрү, өлкө, эс алуунун түрү ж.б.;
- Өзүңүзгө ылайыктуу коргоо түрүн тандаңыз (медициналык жардам, жүктү камсыздандыруу же каттамдын кечиктирилиши/токтотулушу);
- Жеке маалыматтарыңызды жазыңыз.
Таризделгенден кийин полис колдонмодо жеткиликтүү болот.
Сапарыңызда өзүңүздү эркин сезүү үчүн камсыздандырууну MBANK колдонмосу аркылуу алдын ала тариздеп, учардан мурун өзүңүздүн коопсуздугуңузга кам көрүңүз.
MBANK — Биринчи санарип!
КРУБ №014 лицензиясы.