MBANK аркылуу 1-класска каттоонун экинчи этабы башталды

Жайдын алгачкы күндөрү менен бирге быйылкы биринчи класстын окуучуларын мектепке даярдоо учуру да келди. Электрондук каттоонун биринчи этабы ийгиликтүү аяктап, эми каттоодон өтүүгө жетишпей калган ата-энелер үчүн экинчи этап башталды.
Экинчи этап башталды: каалаган мектепти тандаңыз
1-июндан 14-августка чейин (саат 10:00дөн 18:00гө чейин) каттоонун экинчи этабы өтөт. Бул этаптын негизги артыкчылыгы — мектепти эркин тандоо мүмкүнчүлүгү.
Эми катталган дарегиңизге жана микроаймакка карабастан, бош орундар бар каалаган мектепке арыз бере аласыз.
Белгилей кетсек, зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги экинчи этаптын мөөнөттөрүн өзгөртүшү же узартышы мүмкүн. Бирок каттоону акыркы күндөргө калтырбай, алдын ала бүтүрүп коюу сунушталат.
Арызды бир нече мүнөттө кантип тапшырууга болот?
MBANK менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматташтыгынын аркасында кезек күтүп, документ чогултуунун кереги жок. Бардыгын смартфон аркылуу аткарууга болот:
- MBANK колдонмосун ачып, «Кызматтар» → «Мамлекеттик кызматтар» → «Үй-бүлө» бөлүмүнө кириңиз.
- «Мектепке электрондук каттоо» кызматын тандаңыз. Система балдарыңыздын тизмесин автоматтык түрдө көрсөтөт.
- Керектүү баланы тандап, бош орундар бар мектепти жана окутуу тилин көрсөтүңүз.
- «Каттоо» баскычын басып, «Кабыл алынды» деген расмий макамды күтүңүз.
Эгер балдарыңыз автоматтык издөөдө көрүнбөсө, маалыматтарды тактоо үчүн түздөн-түз Билим берүү министрлигине кайрылуу керек.
Мектепке кабыл алуу процесси эми мурдагыдан да ачык, тез жана ыңгайлуу болуп калды. Быйылкы биринчи класстын окуучусу үчүн каалаган мектебиңизден орунду бир-эки баскыч менен каттап калууга шашылыңыз!
MBANK — биринчи санарип!
КР УБ №014 лицензиясы.