Кыргызстанда жасалган: Биздин экосистема жаңы гимнде өз үнүн тапты

Кыргызстан — керемет таланттарга жана санариптик жаңылыктарга бай өлкө. MBANK’та биз өлкөбүздүн потенциалына чын жүрөктөн ишенебиз жана бүгүн сиздерге биздин жалпы сыймыгыбыздын манифести болгон долбоорду сунуштайбыз.
«MBANKТын расмий гимнин тосуп алыңыздар — улуттук экосистеманын гимни»
Биз үчүн бул музыка чын жүрөктөн болушу маанилүү болчу. Ошондуктан тректи жаратууга заманбап кыргыз музыкасынын мыкты өкүлдөрү катышты, ар бири өзүнүн уникалдуу энергиясын кошту:
- JAX 02.14 — үнү заманбап муундун ритмин аныктаган өлкөнүн башкы хитмейкери.
- Тамга — стереотиптерди бузуп, таланттын чеги жок экенин далилдеген артист.
- FREEMAN 996 — стили лирика менен заманбап биттердин драйвын айкалыштырып, биздин учурдун уникалдуу ритмин түзгөн популярдуу хип-хоп аткаруучу.
Биздин биримдигибиздин музыкасы гимн — бул корпоративдик ыр гана эмес, бул ар бир сапта ар бирибизге жакын маанилер камтылган:
«Улутуң кандай болсо деле баары бир» жана «Кыргызстаныбыз биригип» — бул сөздөр биздин негизги баалуулукту чагылдырат. Биз адамдарды бириктирген жана аралыкты жок кылган технологияларды түзүп жатабыз: Бишкектин шаңдуу көчөлөрүнөн баштап эң бийик чокуларына чейин.
Улуттук сыймык үчүн себеп.
Биз жеткиргибиз келген негизги ой: MBANK — бул толугу менен Кыргызстанда түзүлгөн экосистема. Глобалдык технологиялар дүйнөсүндө дүйнөлүк деңгээлдеги өнүм биздин адистер тарабынан биздин жерибизде түзүлгөнүнө сыймыктанабыз.
Сиз колдонмону ачкан сайын, Кыргызстанда дүйнөлүк деңгээлде IT-чечимдер жаралып жатканына сыймыктанууңузду каалайбыз. Биз жөн эле тренддерди ээрчибейбиз — биз кыргызстандыктар менен бирге келечекти түзүп жатабыз.
Жашоону жеңилдеткен технологиялар
Гимнде айтылгандай: «Максатыбыз — жеңилдеш». Биз күнүмдүк керектөөлөрүңүз бир баскыч менен чечилип, каржылык куралдарды ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу үчүн иштейбиз. Биздин экосистема — MBANK колдонмосунда бардык муктаждыктарыңызды чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Гимн — өзүңө ишенүүгө чакырык.
«Биринчи санарип» — бул биздики, мекендики экендигин далилдедик! Биз бирге болгондо, дайыма алдыңкы саптабыз, биз — эң биринчибиз.
MBANK Кыргызстан менен бирге өсүп, жаңы чектерди ачып, ар бир адам үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүп турат.
Премьераны азыр көрүңүз! Биримдиктин энергиясын жана өлкөбүздүн санариптик өнүгүүсүнүн масштабын сезиңиз. Кыргызстандын келечеги менен бир толкунда болуңуз!
Директор: Мирлан СаткымбаевПродюсер: @mirlansatkymbaevАнимация жана VFX: Абрамов Степан, Борбоев ШахназарVFX Compositor: @r.askarbekovSound design: @cheatingrandma, @azamideeeМузыка продюссер: Эрлан ТашполотовRecord /Mastering: Атай ДалбаевProduction: @curltai_productionDistribution: @curltai.music
MBANK — Биринчи санарип! Кыргызстанда жасалган!