Башкы бет
Жеке жактар
Жаңылыктар
Бонецкий лабораториясынын анализ жыйынтыктарын эми MBANK’тан көрө аласыз
Бонецкий лабораториясынын анализ жыйынтыктарын эми MBANK’тан көрө аласыз

MBANK Бонецкий лабораториясынын анализ жыйынтыктарын мобилдик колдонмого интеграциялады. Бул чечим кардарларды кагаз түрүндөгү бланктарды сактоо зарылдыгынан толугу менен бошотот — алар көп учурда жоголуп кетет же дарыгерге барганга чейин электрондук почта менен СМСтен керектүү файлдарды издөөгө туура келет. Эми бардык маанилүү медициналык маалымат бир баскыч менен жеткиликтүү.
Колдонуучу кандай артыкчылыктарга ээ болот?
Колдонмодо сиздин акыркы 5 жыл ичиндеги бардык медициналык анализдериңиздин тарыхы жеткиликтүү — бардык изилдөөлөрдүн жалпы картинасын бир экрандан көрө аласыз.
Бланктарды түп нуска сапатында оңой жүктөп алууга болот жана дароо дарыгерге мессенджер аркылуу жөнөтсө болот.
Башка системаларга кирип, авторизациядан өтүп же басып чыгаруу үчүн убакыт коротууга муктаждык жок.
Өз жыйынтыктарыңызды кантип текшерсе болот: кыска нускама
Жаңы функциянын ыңгайлуулугун азыр эле текшерип көрсөңүз болот — болгону 3 кадам:
- Смартфонуңуздан MBANK колдонмосун ачыңыз
- Башкы экрандан “Кызматтар” бөлүмүнө кирип, “Бардык кызматтар” баскычын тандаңыз, андан соң “Үй-бүлө” бөлүмүнө кириңиз
- “Анализдер” терезесин табыңыз — бул жерде сиздин бардык жеткиликтүү документтериңиз дароо көрүнөт
Заманбап банк колдонмосу — бул жөн гана каржы эмес, күнүмдүк жашоодо реалдуу жардам. Колдонуучунун ден соолугу жана ыңгайлуулугу ар дайым биринчи орунда.
MBANK – биринчи санарип!
КР УБ №014 лицензиясы