Башкы бет
Жеке жактар
Жаңылыктар
MBANK Кыргызстанда аналогдору жок, интернетсиз төлөм технологиясын тааныштырды
Бир баскыч менен революция: MBANK Кыргызстанда аналогдору жок, интернетсиз төлөм технологиясын тааныштырды

2025-жылдын 18-декабры, Бишкек, Technopark
Жылдын эң күтүлгөн технологиялык окуяларынын бири — Mtalх өткөрүлдү. Бул иш-чаранын башкы каарманы — MBANK, ал Борбордук Азиядагы санариптик банкинг тууралуу түшүнүктү өзгөртүп жаткан уникалдуу чечимдерин презентациялады.
Иш-чараны ачып, сахнага чыккан MBANK’тын стратегия жана санариптик өнүгүү боюнча биринчи орун басары Марат Торалиев болду. Анын чыгышын көрүүчүлөр сүйгөн маскот Барс коштоп, презентацияга энергиялуу маанай тартуулады.
MTravel: Миллиондогон миль жана турларды бөлүп төлөө
Марат Торалиев укмуштуудай статистиканы сунуштады: MTravel’дин рыноктогу үлүшү 60%га жетти. 2025-жылы MBANK кардарлары абада 1,2 миллиард миль жол жүрүштү (ар айда 100 млн миль) — бул аралык Жерден Күнгө чейинки аралыкка жакын.
MTravel эми бизнес үчүн да зарыл инструментке айланууда (MBusiness):
- Компаниялар үчүн: авиабилеттерди түздөн-түз компания эсебинен ээлеп коюу, чыгымдарды реалдуу убакытта көзөмөлдөө, кагазсыз автоматташтырылган отчеттуулук.
- Саякатчылар үчүн: дүйнөнүн каалаган бурчунан актуалдуу турларды 6, 9 же 12 айга бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү.
MCafe: Палоо жана самсаны түз эфирде буйрутма кылышты
Шоунун эң кызыктуу бөлүгү MCafe кызматынын презентациясы болду. Сахнада Марат Торалиев меню же эсепти күтүү маселесин канчалык жөнөкөй чечиле турганын көрсөттү.
QR-код аркылуу ал «Нават» ресторанынан палоону реалдуу убакытта буйрутма кылды. Тапшырмага Марат колдонмодо «жаңы конок» катары кошкон коллегасы да кошулуп, эки самса буйрутма кылды. Чоң экрандан көрүүчүлөр буйрутмалар ресторанга дароо жетип, даярдала баштаганын көрүштү.
MCafe артыкчылыктары:
- Коноктор үчүн: топтук чек, персоналды бир баскыч менен чакыруу, чай акысын колдонмодон төлөө.
- Бизнес үчүн: заказдарды көзөмөлдөө үчүн ыңгайлуу дашборд жана сатуу аналитикасы.
Жасалма интеллект, өзү үйрөнөт
«Наваттан» буйрутма даярдалып жатканда, Марат AI MBANK’ты тааныштырды. Бул жөнөкөй чат-боттон айырмаланып, генеративдүү ассистент, туруктуу үйрөнөт.
2025-жылы ассистент 2,7 млн чатты кыргыз, орус жана аралаш тилдерде иштетти, кардардын суроолорунун 79%ын оператор катышпай эле чечти. Азыр ал колдонмодо гана эмес, WhatsApp жана Telegram’да да жеткиликтүү.
Айтмакчы, жасалма интеллект блогу аяктагандан кийин сахнага буйрутма кылынган ысык палону алып келишти — кызматтын ылдамдыгы бардык конокторду таң калтырды.
MInvest: Криптовалюта жана Apple акциясы $1дан
Инвестиция чөйрөсү да олуттуу жаңыланды. MInvest Кыргызстандагы биринчи санариптик брокер статусун бекемдеди. Дүйнөлүк гиганттардын акцияларын (Microsoft, Apple) бардык колдонуучулар $1дан сатып ала алышат.
Сенсация болуп криптовалюталык платформа колдонмодо ишке кирди. Марат Торалиев сахнага MInvest’тин директору Сергей менен белгилүү блогер Кемелди чакырды. Блогер реалдуу убакытта эсепти толуктап, криптовалютаны сатып алып, которууну жасады. Марат айрым активдерди колдонууда тобокелдиктерди түшүндүрүп, криптовалютанын «тазалыгын» өзгөчө белгиледи.
Башкы жаңылык №1: MPay — интернетсиз төлөм
Кеченин кульминациясы — MPay технологиясынын презентациясы болду. Бул MBANK иштеп чыккан уникалдуу кызмат.
Кадимки QR төлөмдөр «дирижерге» (арачылыкка) жана байланышка көз каранды. MPay түздөн-түз, арачыларсыз жана интернетсиз иштейт - деп Марат Торалиев түшүндүрүп берди.
Иштөө принциби: Bluetooth’ду күйгүзүп, телефонду терминалга (MKassa) же башка смартфонго жакындатуу жетиштүү.
Сахнада эксперимент: Марат Android менен төлөм жасады, ал эми кесиптеши Алмаз iPhone менен интернетти толук өчүрүп сынады — төлөм заматта өттү.
Атайын чакырылган конок — КР эл артисти Мирбек Атабеков, ал MBANKтан белек сатып алып, MPay’ди сынап көрдү.
«Чынын айтсам, мен таң калдым! Мындай нерсени колдонуп көргөндөр барбы?!» — деп эмоциясы менен бөлүштү Мирбек.
Тарыхый MPay’ди ишке киргизүү
Финалдык аккорд: Марат Торалиев жана техникалык директор Болот эсептөөчү таймерди ишке киргизишти. Анын аягында MPay кызматы бүт Кыргызстан боюнча жеткиликтүү болду.
Расмий бөлүк аяктагандан кийин, коноктор технологияны жеке сынап, MBANKтын фирмалык мерчин символикалык төлөм менен MPay аркылуу сатып алышты.
Келечек – бүгүнкү күндө жана ал ар бир кыргызстандыкка бир тийүүдө жеткиликтүү экендигин MBANK дагы бир жолу далилдеди
MBANK - Биринчи санарип!
КРУБ №014 лицензиясы